БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында таэквондо боюнча (GTF версиясында) Кыргызстандын чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган спорттук уюм кабарлады.
Мелдеш 24-25-декабрь күндөрү "Газпром — балдар үчүн" ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде болот. Ага өлкөнүн бардык аймактарындагы спортчулар чакырылган.
Жеңүүчүлөргө медаль, кубок жана сыйлыктар тапшырылат. Ошондой эле алдыңкы спортчулар эл аралык мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк алат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда таэквондонун ITF, WTF жана GTF аталышындагы федерациялары бар. Спорттук уюмдар дүйнөдө ар кайсы жылдары негизделип, кийин өлкөдө да ачылган. Бул федерациялардын аталыштарында гана эмес, оюн эрежесинде да айырмачылыктар бар.