Жолойдун Коңурбайга жетип барышы жана Коңурбайдын Бокмурунга айткан сөзү. Көкөтөйдүн ашында Бокмурун минип жүргөн Мааникерди көргөн соң Жолой атын чаап Коңурбайга жетип барат да, "беш калаадан айланып Бээжин барар ат экен, ошол Мааникер үчүн ушул аш берген бурутту балаага салып курутчу" деп аны биротоло Бокмурундун атына ээликтирип, аскерине карай кудуңдап кетет. Мааникер атты кандай болбосун алуу ниети Коңурбайдын да ичин тызылдатып жаткан. Бышкан өпкөдөй өңүн өзгөртүп, өгөгөн темирдей көзүн жайнатып, өрттөнгөн дөңгөчтөй карарып каарын бетине чыгарды кытай каны. Бокмурунду чакырды да арстандай чамынып, көк күбө тонун жамынып мындай дейт: "Сасык айран, көк курут, салпылдаган бадирек, кан Көкөтөй ашы деп, эсеби жок мал айтып байгесинин башы деп, келгенди конок алам деп, чактуурак айтсаң болбойбу, келбесең чаап салам деп!" Кайнап турган каапырлар аны чабабыз деп күүлөнүп турганын, эгер аларды тынчытып бер десең, Мааникер деген бир жылкың бар экен, ошону мага бергин дейт. Манас келсе, Арчатору тулпарды тартуу кылганын айтып, өзүн андан кем көргөнүн айтып, каарым келсе как өзүмдөн өлөсүң дейт. "Мааникерди бересиң, Мааникерди бербесең балакетти көрөсүң" деп сөзүн чорт кесет доңуздай корулдап. Ал атты эмки келер жазында Эсенкандын алдына эркечтей мойнун койкойтуп тартууга алып барарын кошумчалайт.
Бокмурундун айран-азыр калганы. Коңурбайдын Мааникерди зордук менен сурап жатканына ат ээсинин эси чыкты, аш бербей өлсөмчү деп заманасы куурулду. Арбак урган чоң Коңурдун бейили жаман бузулганын, напсиси чоң кеткенин түшүндү, чын эле ашка азап сала турганын, тойго тозок саларын, топту чаап аларын, ал гана эмес тарткан этин жебешин түшүндү. Айла кеткен Бокмурун Мааникер атты берерин да, бербешин да айта албады, кантип айтат, жанда жок тулпар болсо, атадан калган адамдан артык мал болсо, аны ойлоп, муну ойлоп отуруп ага-тууган менен акылдашып көрөйүн деди. Коңурбайдын алдынан Бокмурун арты менен кетенчиктеп чыгып, башы айланкөчөк болуп эл-журт менен акылдашып көрүп, айла кетсе Мааникерди беремин да деп кейишке кептелип, атына араң минди алсырап...
Бай баласы Бокмурундун Эр Кошойго барышы. Коңурбайдын алдынан чыгып эле Бокмурун түз Катагандын Кан Кошойго жетти. Айтар сөзүн арман кылып айткан соң Кошой абасы "бээжиндиктин чоң Коңур, бейли бузук оңбогур, Анжы Бээжин чоң Коңур, арбак урган оңбогур" деп келип, аның Манастын тартуу алганына намыстанган экен да, көпчүлүктүн ичинде көркөм күлүк Мааникер көзүнө түшкөн турбайбы деп келип, "арам өлгөн Мааникер бир байталдын тезеги, ат аяган жер карайт, жер карабай не карайт, куш аяган көк карайт, көк караса көп карайт, берен калсын Мааникер, бербей аны болбос деп, бейли бузук бу капыр бет алышкан жолборс деп, Мааникер тартуу кылбасак аягы аштын оңбос" деп өз чечимин айтат. Анан Бокмурун ат алдырып минмекке, Мааникерди бермекке макулдугун билдирет. Бокмурун айрылдым кайран тулпардан, атамдай көргөн күлүктөн деп жанындагы жолдошун башка ат алып келүүгө жумшап жатканда токтоо мүнөз, акылгөй Кан Кошой токтото туруп, муну Манас менен бир акылдашалы, ал канкор мага айтпай атты бердиң деп анын да азабына калбайлык дейт.
Мааникердин жөнүн айтууга Манаска кыргыз кандарынын барышы. Кан Кошойдун акылы менен Мааникер маселеси менен Манаска кеңешүүгө Бокмурун менен Кошой өздөрүнө кошо казактардан Көкчөнү, кара тилдүү Үрбүнү, Эламандын Төштүгүн, Эштектерден Жамгырчыны, Жедигердин Багышын, Жеткир бийдин Агышын, Кан жээни Жүгөрүнү алып, ар кайсыдан жүздөн кол тандап желе-жортуп жөнөдү. Барышса, айкөл деген айкөл да, отоодон оолак барып, токсон таман чоң ордо ойлоп чийип алып, ордо атышып жатыптыр. Кырк баатырдын баарысы, Кыргыл чалы баш болуп чүкө аткандын кумарына баткан экен. Алардын ордо оюнун эрмектеп султан Манас сулап жатыптыр. Кошой дөө баш болуп, кандар салам айтып түшкөндө кайран баатыр алик алып, кадырлап тостурду. Баатырга сөз баштабай, кыйынсынган кандарды кудай урат. Аш бышымдай эч кимден кеп чыкпай турганда азамат бирөө чыгат, ал баягы эле Эки-Кемин жайлаган, эгиз кара ат байлаган Таздын уулу эр Үрбү эле, эки жагын каранып, бир нерсе айта турган болуп, "Ээ, Манас..." деген үнүн чыгарганда баатырың ага жалт карап, көзүнөн жалынын шыркыратып чыгарды эле Үрбү үшкүрүнүп, айтар сөзүн жоготту, кеп айтмак түгүл не дешин бүт унутту. Кандар бири-бирин түрткүлөп, бири-бирин сен айт дешип уурданган көз менен бирине-бири тигилди. Кошойдун жаалы чыкты үтүрөйүп, "атаңа наалат, ит Үрбү, алдың жерге жит, Үрбү, адам болбой кет, Үрбү, айтпайсыңбы кепти, Үрбү, анча озунуп алган соң, "Ээ Манас... " деп калган соң айтып ийсең нетти деп" ачуусун баса албай турду. Анан кайран Эр Кошой, кайран Кан Кошой өзү ишке жарады: "Ээ кулунум Эр Манас, байкачы баатыр, сен Манас, бээжиндиктин Коңурбай, бейли бузук чоң калдай" деп баштап, Бокмурундун ашына келип алып бейорун өкүм салганын, Мааникериң бергин деп, Мааникерди бербесең басырыгым көргүн деп, калса мейли көөнүң деп, калабаны көргүн деп, киши-миши дебеймин, тарткан этиң жебеймин" деп атканын айтып салат. Анан "береликпи, жокпу деп, береним, айтчы жоопту" деп Эр Кошой суроолуу туруп калат.
Манастын айткан сөзү. Бул сөздү угуп оёнду кудай урбадыбы: оң көзүнөн от чыгып, сол көзүнөн чок чыгып, оозунан ойрондун ок жазайыл, топ чыгып, кыбыландай карап, чамынганын соо койбос сур жолборс боло калды. Адам сыны бөлүнүп, арстан сыны көрүнүп, Баатыр Кошой абасына балан-бастан дебеди, оозуна бир кеп албады. Доол кагар шаң жыгачты толгоп кармап доолду болгон күчү менен катуу-катуу чапты. Ошол замат кырк баатыр соот, чарайна, кыягын, туулгасын кийинип, мылтыктын баарын октоп, милтенин баарын чоктоп катарга тизилди. Эр Манастын алдына ат башкарган Жоорунчу октой болгон чоң кула атты – Аккуланы тартты. Төрө аягын үзөңгүгө салбай мине коюп, мубакүлдүү найзаны колго алып, бирөөнү сайып ийчүүдөй Кошой абасынын кашына барды. Барды да, жанагы жаалы менен "аттигиниң абаке, акылыңыз канаке, сенден бөлөк бири айтса, өлүк эмес тири айтса албас белем жанын деп, төкпөс белем канын деп" катуу тийди. Кошой кол тийбеген кары үчүн бир өлүмдөн калат. "Мааникерди ойронуң Манас өлгөндө, о дүйнөнү көргөндө, ошондо тартуу берсеңчи, тагында Манас турганда таалайыңдан көрсөңчү, таарынасың дагы айтсам, так ушундан көрөкчө тирүү жүрбөй өлсөңчү!" деп келип, "мен кыяматты көргөндө, кылымды капыр бөлгөндө, кыңк эттирбей билгенде, кынжылабай мингенде атың түгүл, эр Кошой, кызыңдан тартуу бер, Кошой" деп келип, "бүгүн Мааникерди сураса, эртең Кула атты каалайт, бүрсүгүнү Эр Төштүктүн Чалкуйругун талашат" деп айтып, "сай кашканын баарысы сай тулпардан айрылса сай кучактап калбайбы, атандар жонго жатпайбы, ат бүткөндөн айрылса азамат шору катпайбы" дейт. Аттарды берүү Манасты тозокко салуу экенин айтып, "Мааникер берем дегенче, Манасты өлдү десеңчи" деп этек кагынат, улуу адамды кепке жыгып, ат сураган неме менен алпурушуп көрөрүн баарына угузат. Манас урушту сүйгөн бу доңуз кайда жүрөт деп Коңурбайга чамынат.
Ат алуу ордуна ат берүү. Алтын доол кагылат. Араң турган кырк жигит аламан урушка кирет. Төө мылтык атылат күрсүлдөп, жазайыл үнү чаңырып, кой чагыр үнү жаңырат. Найзанын учу чабышат, адамдын башы кагышат. "Жабулаган" душмандар качып барат, качкандарды куугандар сайып барат, алты, бештен ар жерге союп барат, кап ортосун оюп барат. Кош-Дөбөнүн тушунда көрүп турган Коңурбай алаамат кыргынды көрүп кысылып, булуттай өңү бузулуп, "ат албасам жок эле деп, Манас каарданган экен, ага эми Кылкараны тартуу кылып ачуусун баскыла, кытайды кырдырып ийбейли" дейт. Ошол кезде кызыл чоктуу Нескара, Кырмус шаанын Мурадил, калмактардын Ушаңы, кара жалдуу Бороончу, каңгайлардан Ороңгу, карыясы Алооке, баары биригип бир сөзгө келип, арстан Манастын алдына Кылкара атты тартты. Ат алам деген Коңурбай баштык, алтымыш жаң-жуң баарысы ат алуунун ордуна ат беришти. Уруш токтоп, уюлгуп чаңдар тарады...