БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Диетолог Елена Соломатина жаңы жылдык майрамда толуп кетпөөнүн сырлары менен бөлүшкөнүн Russia Today жазды.
Анын айтымында, биринчи кезекте майрам алдында катаал диетага отурбаш керек.
"Салмактан арылам деп көп киши өзүн тамактан чектеп коет. Бирок арыктап, кийин тамак жей баштаганда салмак тездик менен кошулат, анткени организм өзүнүн мурунку калыбына келүүчү механизмди иштетет", — деп айтып берди адис.
Дарыгер 31-декабрь күнү деле кадимкидей эртең менен, түштө, кечинде тамактануу керектигин белгиледи. Мындан тышкары, жаңы жыл түнү тамак көп желгендиктен күндүз сууну адаттагыдан көбүрөөк ичүү зарылдыгы айтылды.
"Дасторконго өтө ачка болуп отурбаңыз, болбосо кандагы глюкозанын деңгээли төмөндөп кетет. Түнкүсүн зат алмашуу процесси жайлайт, андыктан жаңы жылдын түнүндө организм көбүрөөк иштөөгө аргасыз болот. Жаңы жылдык дасторконго жеңилирээк тамак-аш коюуга аракет кылган оң", — деди Соломатина.
Ал жашылча-жемиш көбүрөөк болушу керектигин кошумчалады.
"Клетчатка майдын, шекердин ашыкчасын өзүнө сиңирип алат, тамак сиңирүүчү органдын ишин жакшыртып, терс холестеринди азайтат", — деди врач.
Адис, мындан тышкары, "оор" азыктарды жеңили менен алмаштырууну, мисалы, оливьеге колбасанын ордуна тооктун төш этин, жумуртканын сарысына караганда агын көбүрөөк кошууну сунуштады.