Абайлап жеңиз! Анардын пайдалуу жана зыяндуу жактары

Эгер анарды үзгүлтүксүз колдоно турган болсоңуз, сөзсүз түрдө адис менен кеңешиңиз.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Даамдуу жана пайдалуу болгон анарды бардык эле адамга жегенге болбойт. Бул тууралуу Sputnik радиосу Argumenti.ru басылмасына шилтеме берип жазды.
Анда жемиштин ширесин бир-эки жашка чейинки балдарга бергенге болбой тургандыгы айтылган. Ал эми чоң кишилерге ширени суюлтуп, суу кошуп ичүү сунушталат. Ашказан жарасы же гастрит менен жабыркагандарга ширенин өзүн ичүүгө болбойт. Анткени ал туз кислотасынын секрециясын жогорулатып, ашказанга терс таасирин тийгизет.
Ошондой эле анарды ачкарын жегенге да болбой тургандыгы эскертилген. Мөмө зат алмашуу процессин жайлатып, ич катууга алып келет.
Анардын ширесин ичкен соң, артынан бир стакан суу ичүү сунушталат же оозду чайкап коюу керек. Себеби мөмөнүн курамындагы заттар тиштин эмалын бузушу мүмкүн.
Радио
Дарыгер: туздун күнүмдүк нормасы 5-6 граммдан ашпашы керек