Диетолог кимге сарымсак жегенге болбой тургандыгын айтып берди

Дарыгер медицинада сарымсактын сасык тумоону алдын алуучу таасири толук далилденбегенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Диетолог Светлана Фус сарымсакты көп жеген учурда организмге кандай зыян болорун түшүндүрүп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, сарымсак ширесинин курамындагы аллициндин вируска жана сезгенүүгө каршы таасири бар. Ал бактерия жана ооруну козгоочу микроорганизмдерди жок кылат. Бирок сарымсакты аз көлөмдө (күнүнө 15 граммга чейин) колдонгон учурда гана пайдалуу экендиги айтылган.
"Сарымсак чийки түрүндө тамак сиңирүү органдарынын былжыр чел кабыгын, өт жана заара чыгаруу жолдорун дүүлүктүрөт. Аны көп жесеңиз, бул органдардын өнөкөт оорулары күчөп кетиши мүмкүн", — деген адис.
Дарыгер медицинада сарымсактын сасык тумоонун алдын алуучу таасири жетиштүү түрдө тастыкталбагандыгын жана ал оорунун жеңил же оор түрдө өтүшүнө таасирин тийгизбей тургандыгын кошумчалаган.
Ден соолук бекем болуш үчүн кайсы азыктардан акча аябаш керек? Тизме