Ден соолук бекем болуш үчүн кайсы азыктардан акча аябаш керек? Тизме

Эндокринолог сапатсыз азыктар кандай зыян алып келерин санап берди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Ден соолукка коркунуч туудурбаш үчүн кандай азыктардан акчаны үнөмдөбөш керектигин "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде эндокринолог-диетолог Олег Ирышкин айтып берди.
"Балык, эт, буурчак, май сыяктуу белок камтыган азыктардан акчаны үнөмдөбөй, сапаттуусун алуу зарыл. Алардан организм аминокислоталардын керектүү нормасын алат. Мисалы, балык менен зайтун майынан чачты, терини жакшыртчу омега-3, омега-9 заттарын алабыз", — деди Ирышкин.
Эксперттин айтымында, жашылча-жемиш, таттуулар жана сүт азыктарынын дагы сапаттуу болгону маанилүү. Анткени момпосуйлар менен сүт азыктарынын баасы төмөн аналогдорунда майдын ордуна арзаныраак химиялык заттар колдонулат.
Ошондой эле адис спирт ичимдиктеринин арзанына качырбаш керектигин эскертет.
"Сапатсыз алкоголдук ичимдикке уулануу курч панкреатитке, боор же бөйрөк кемтигине, инфарктыга, инсульт жана өпкө шишигине алып келет", — дейт дарыгер.
Акыл-эсти начарлаткан азыктар. Изилдөөнүн жыйынтыгы