БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстанда төрөлгөн россиялык Дмитрий Бивол WBA версиясы боюнча жылдын мыкты мушкери аталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын сайтында жазылган.
Анда белгиленгендей, сыйлыкты Биволго ассоциациянын президенти Хильберто Мендоса тапшырган.
Мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына: "Дүйнөлүк бокс ассоциациясынан "Жылдын мушкери" сыйлыгын биринчи жолу алдым, бул мен үчүн чоң сыймык", — деп жазган.
Бокс боюнча дүйнө жылдызы Бивол Кыргызстандагы Токмок шаарында төрөлүп, чоңойгон. 15 жашында ата-энеси менен Россияга көчүп кетишкен. Ушул жылдын май айында замандын мыкты мушкери аталган Сауль Канело Альварасты жеңгени көпчүлүк бокс сүйүүчүлөрдүн көңүлүн бурган. Жай айында Дмитрий Бивол Ысык-Көлдө дээрлик бир ай кыргызстандык мушкерлер менен чогуу машыккан. Соңунда өлкө башчысы Садыр Жапаров Бивол менен жолугушкан, анда ал кыргызстандык жаш спортчулардын машыгуусуна керектүү жардамдарды бере аларын айткан.
Өткөн айда болсо Дмитрий Бивол мексикалык мушкерди жеңип, дүйнө чемпиону наамын коргоп калды.