БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Чек ара көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Жалбиев кыргызстандыктар чет өлкөгө чыгууга тыюу салынганы тууралуу маалыматты алдын ала кантип билсе болорун айтты.
Парламентте депутат Элвира Сурабалдиева жарандар сыртка чыгууга “флажок” коюлганын депутаттар баш болуп билбей жолго чыгып алып чыгым тартып жатканын белгиледи.
“Бизге айрым депутаттар кат түрүндө кайрылып жатат, жооп бергенбиз. Андан сырткары, Сот департаментинде ушул жылдын башында портал ачылган. Ага кирип, онлайн режиминде паспортунда 12 цифрадан турган ИННин жазып чектөөсү бар-жогун билсе болот. Жарандар кагаз түрүндө бизге кайрылса 10 күндүн ичинде жообун беребиз. Ар кандай себептер менен шашылыш түрдө чыгыш керек болсо бир-эки күндө каралат”, — деди Жалбиев.
Ошондой эле ал мындай маалымат телефон аркылуу берилбей турганын белгиледи.