Дарыгер тамекини таштоонун эң майнаптуу үч жолун атады

Терапевт "тамекини капыстан таштоо ден соолукка зыян" деген кептер миф экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Тамеки чегүүнү таштоонун көптөгөн жолдору бар, бирок эң эффективдүү деп үчөөнү гана классификациялоого болорун "Праймга" терапевт Ольга Кадырова билдирди.
Ал белгилегендей, узак мөөнөткө тамеки тартуу организмди көптөгөн патологияларга кептейт. Мисалы, адам көз карандылыкты жеңген күндө да атеросклероз, онкология жана өпкө ооруларына кабылышы мүмкүн.
Дарыгер никотинге көз карандылык менен күрөшүүнүн бардык ыкмаларын үч топко бөлдү. Алар: жөнөкөй, никотинди башка нерсеге алмаштыруу жана психотерапия.
Ошол эле учурда адис тамекини бир жолу таштап салуу никотинге көз карандылыгы жок жана эрки күчү адамдардын гана колунан келерин айтты. Ал эми абдан көз каранды болуп калгандарга никотинди алмаштыруучу каражаттар, мисалы, сагыз, бууланткычтар жардам бере алат. Мындан тышкары, ар кандай психотерапиялык ыкмалар бар. Тагыраагы, дары-дармек колдонуу керек.
Сөзүнүн аягында Кадырова "тамекини капыстан таштоо ден соолукка зыян" деген кептер миф экенин кошумчалады.
Чылым чеккен өспүрүмдүн организми кандай кыйналат. Түшүндүрмө