Акыл-эсти начарлаткан азыктар. Изилдөөнүн жыйынтыгы

Илимпоздор 10 миң кишинин рационуна байкоо жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Окумуштуулар ашкере пайдаланылган тез татым акыл-эстин бузулушун шарттай турганын аныкташты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазган.
Бир канча убакытка созулган иликтөөдө окумуштуулар 10 миң адамдын рационуна байкоо жүргүзүшкөн. Натыйжада зыяндуу тез татым, шам-шум этүүгө ылайык тамактарды көп жеген адамдардын мээси башкалардыкына караганда 28 пайызга тезирээк кичирейгени байкалган.
Окумуштуулар организм бөлүп чыгарган белоктор таттуу тамактын эсебинен көбөйүп, мээнин кичирейишине жана акыл-эстин начарлашына алып келерин божомолдошкон. Анткени тез татым тамактарынын курамында ар түрдүү химикаттар, өзгөчө шекер, боегучтар жана консерванттар аябай эле көп. Таттуу газдалган суу, майлуу жана туздуу тамак, торт, йогурт, энергетикалык суусундуктар жана тез татым адамдын акыл-эсинин начарлашына кептей турчу азыктардын катарына кирери айтылган.
Организмди суукка кантип көндүрүү керек. Иммунологдун кеңеши