Организмди суукка кантип көндүрүү керек. Иммунологдун кеңеши

Дарыгер үшүй берүү калкан безинде кеп бар экенинен кабар берерин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Организмди суукка көндүрүүнүн бир нече жолу бар. Бул тууралуу Grand Clinic иммунореабилитациялык жана профилактикалык медицина боюнча клиникалар тармагынын илимий жетекчиси Ольга Шуппо айтканын РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, эң натыйжалуу жол — криотерапия. Бул медицина шартында иммунитетти чыңдоо дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, организмдин коргонуусун күчтөнтүү зарыл. Ошондой эле дарыгер майлуу тамак-аш дагы сууктан коргонууга жардам берерин айткан.
Шуппо үшүй берүү калкан безинде мандем бар экенинен кабар берерин билдирген. Стресс жана уйкунун жетишсиздигинен улам калкан бези бөйрөк үстүндөгү бездерге таасир этет. Ал эми бул бездер суукка туруштук берүүчү адреналин, кортизол жана кортикостерон бөлүп чыгарын айткан.
Дарыгер иммунитетти бекемдөөчү он азыкты атады