8-декабрга карата аба ырайы

Жолдорго муз тоңуп тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад жергесинин көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта -1...-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -4...+1, Ысык-Көл өрөөнүндө 0...-5, Нарын аймагында -2...-7 градус суук болот.
Бул күнү Бишкек менен Ошто кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -3...-5, Ош калаасында -1...+1 градусту көрсөтөт.
7-8-декабрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-75-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Баткенде суук болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы