Айдоочу кымыз же арак ичкенин билсе болобу? Депутатка ЖКККББ башчысы жооп берди

Башкы жол инспектору мас же соо деген эле бүтүм чыгаруу мүмкүн экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков рулда отурган айдоочунун арак же кымыз ичкенин аныктоого мүмкүнчүлүк барбы деп сурады.
"Мас абалында унаа айдагандарга эч кандай аёо болбошу керек. Ал туура. Бирок дагы кыргыздын жакшы көргөн ичимдиги — бул кымыз. Арак адамды өлтүрөт, кымыз ден соолукка аябай пайда. Сиздерде ошол экөөнү айырмалап бүтүм чыгарып бере тургандай техникалык мүмкүнчүлүктөр барбы? Текшергенде бул кымыз, тиги арак ичкен деп чыгара тургандай", — деди Кадырбеков.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов мындай мүмкүнчүлүк жок экенин айтты.
"Ичимдик ичкен-ичпегенин бизге Наркология борбору аныктап берет. Ал жакта мас же соо деп эки эле бүтүм чыгат. Мынча грамм ичкен, коньяк, арак же кымыз ичкен деп чыкпайт", — деди Исраилов.
Санариптик документтер юридикалык мааниге ээ болот. Жапаров чечимди жактырды