Касмамбетов: Кыргызстан — күчтүү массалык маалымат каражаттары бар өлкө

Касмамбетов ММК кызматкерлерин такталган маалыматтарды берүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызстан учурда күчтүү массалык маалымат каражаттары бар өлкө. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов УТРКнын 90 жылдык мааракесине арналган "Ааламдашуу шартындагы медиа" аттуу медиафорумда сүйлөп жатып билдирди.
Мамлекеттик катчынын айтымында, маалымат алуу жана алмашуу ар убакта актуалдуу болгон. Советтер Союзу маалында басма сөз жакшы иштегендиктен ар бир жаран башкалардын ийгилигинен жана алдыдагы беш жылдык пландан кабардар болуп турганын белгиледи.
"Маалымат ушул күнгө чейин эч качан өзүнүн күчүн, таасирин жоготкон эмес. Кыргызстанда ММК мыйзамынын кабыл алынганына 30 жыл болду. Постсоветтик өлкөдө эң мыкты жана эң күчтүү иштелип чыккан, 30 жыл бою бир дагы өзгөртүүгө дуушар болбогон мыйзам бүгүнкүгө чейин иштеп жатат. Өмүрүн эмгекке арнаган адистердин артынан биз күчтүү ММКсы бар өлкөгө айландык", — деди Касмамбетов.
Ал ММК өкүлдөрүн текшерилген жана такталган маалыматтарды берүүгө чакырды.
Облустук телеканалдардын баары УТРКнын карамагына өттү