Мончо менен ичимдикти аралаштырбагыла. Адистин кеңеши

Адис майрамды мончодон арак-шарап менен тосууну жакшы көргөндөр ден соолугун аксатып алышы мүмкүндүгүн эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жаңы жылды тосуудагы кээ бир туура эмес кадамдар жүрөк-кан тамыр системасына терс таасирин тийгизип, ал тургай инфаркт, инсультка чейин жеткириши мүмкүн. Бул тууралуу кардиолог Асият Хачирова Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
Дарыгер өзгөчө мончодон арак-шарап ичүү опурталдуу экендигин эскерткен.
"Жылына бир жолу баняга барып, майрам күндү сөзсүз түрдө спирттик ичимдик менен тосуш керек деп ойлогон адамдар жүрөк дартын арттырышат. Ал тургай инфаркт же инсультка чейин жетиши мүмкүн. Жаңы жылдык стресске бир ай калганда жүрөк-кан тамыр системасын даярдоого болбойт, бул миф. Кан тамырлар С витамини же рутин менен чыңалып калбайт. Совет учурунда кан тамырлардын иштешин жакшыртуу үчүн муздак суу менен жуунушкан. Бирок азыркы адистер бул туура эместигин айтышууда", — деп белгилеген Хачирова.
Дарыгердин айтымында, жаңы жылдык майрамдардан кийин ооруп калбаш үчүн ден соолукка азыртадан кам көрүү керек. Адис туура тамактануу, чылымды таштоо, дайыма баняга барып туруу — дени сак, бактылуу өмүрдү берерин эскертти.
Бүгүндөн баштаңыз. Жүрөктүн ишин жакшыртчу 6 адат