Келерки аптага карата Таластагы аба ырайы

Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумада Талас облусунда аба ырайы кандай болорун айтты.
Маалыматка ылайык, 4-декабрда жаан-чачын болбогону менен 5-декабрда күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 6-10-декабрда күндүн көзү бузулбайт. 8-декабрда жана 9-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар түшүшү күтүлөт.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Кыш келди. Декабрда аба ырайы кандай болот