Адис отуруп иштеген кеңсе кызматкерлерине баалуу кеңеш берди

Адам маал-маалы менен отургучтан туруп, бөлмөнүн ичин кыдыра басып, 5-10 мүнөт кыймылдашы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Травматолог Алишер Захиров "Газета.Ru" гезитине берген маегинде кеңсе кызматкерлери кандай илдеттерге туш болорун жана аларды алдын алуу жолдорун айтып берди.
"Отуруп иштеген кишилерде бара-бара остеохондроз, жүрөк оорулары пайда болуп, нерв системасы жабыркайт. Аны алдын алуу үчүн моюн, бел жана ийинге көнүгүү жасап туруу керек. Бул үчүн маал-маалы менен отургучтан туруп, кеңсенин ичин кыдыра басып, 5-10 мүнөт кыймылдоо зарыл", — деди адис.
Захиров уйку режими дагы жөнгө салынышы керектигин кошумчалады. Мисалы, ден соолук жайында болушу үчүн адам суткасына 7-9 саат укташы зарыл.
Андан тышкары, жумушта башка учурда гаджеттен болушунча оолак болуп, көздүн саламаттыгына кам көргөн туура.
Кыргызстанда толуп кеткендердин көбү пенсия курагындагылар экени айтылды