Эсеп палатасы: "Кумтөрдү" беш ай текшердик, 4,5 млрд. сомдук зыян аныкталды

Sputnik Кыргызстан агенттиги Эсеп палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовго ал жетектеген ведомствонун ишмердүүлүгү тууралуу бир нече собол узатты.
Sputnik
— Алмазбек Шаршембиевич, Эсеп палатасынын жардамы менен өткөн жылы канча коррупциялык схеманын бети ачылды?
— 2022-жылдын азыркы мезгилине карата жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча укук коргоо органдарына 76 материал жөнөтүлгөн. Кеп 7 миллиард 964 миллион 493,6 сом, андан сырткары, 84 000 доллар жана 927 миллион 537,3 евро туурасында жүрүп жатат. Мунун ичинен Башкы прокуратурага көп бөлүгү, тагыраагы, 70 материал жөнөтүлдү. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке текшерүүнүн жыйынтыгы менен алты материал бердик.
Азыркы мезгилде мыйзамсыз алынган акчалардын ичинен 336 миллион 558,3 миң сом ордуна коюлду.
2021-жылдын ичинде Эсеп палатасынын дарегине президенттин администрациясынан ар кандай маалыматтарды камтыган 132, Жогорку Кеңештен 110 кат келип түшкөн. Эсеп палатасынан 125 аудитордук иш-чарага аудит объектилеринин 2 390 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү тартылган.
Эсеп палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов: азыркы мезгилде мыйзамсыз алынган акчалардын ичинен 336 миллион 558,3 миң сом ордуна коюлду
— Жыл башында "Кумтөр" ишканасын да текшерип чыккансыздар...
— Президенттин тапшырмасы менен аны беш айдай карадык, бюджети чоң мекеме экен. Жалпы каржылык мыйзам бузуулар 4,5 миллиард сомго чыгып кетти. Укук коргоо органдары менен да иштешип, тийиштүү материалдарды өткөрүп бердик. Териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Министрлер кабинетине отчёт жөнөткөнбүз.
— Каржылык мыйзам бузуулар кандай багытта жана кайсы органдарда болуп жатат?
— Биз ишибизде жергиликтүү жана республикалык бюджет деп экиге бөлүп келебиз. Ошондой эле түштүк, түндүк жана борбордук деп аймакка бөлүп карайбыз. Негизинен дебитордук жана ашырылган кредитордук карыздар көп болуп жатат. Бул 20 миллиард 565,2 миң сомду түздү. Дагы бир аныкталган финансылык мыйзам бузуу бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууда кездешип, ал 5 миллиард 428,9 миң сомго жеткен.
Каржылоо булактары жок туруп, бюджеттин башка деңгээлинде турган уюмдарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден бөлүнгөн каражат 1 миллиард 611,9 миң сом болду. Мындан тышкары, курулуш иштеринде сметаны ашыра түзүп коюшат. Аныкталган мыйзам бузуулардан улам жалпы суммадан 28 миллиард 41 миллион сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, анын ичинен 19 миллиард 704,2 миллион сом ордуна коюлган. Ошондо сумманын 70 пайызы өндүрүлдү.
— Эсеп палатасындагы аудиттин эл аралык стандарттарына өтүү боюнча жасалган соңку иштер кандай жыйынтык берүүдө?
— Биз ИНТОСАИ эл аралык Жогорку аудиттер органына мүчөбүз. Мындан эки жума мурда Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында кезектеги чоң жыйын өттү. Ага ар бир үч жылда мүчө болгондордун иченен төрагалык кылып, иш алып барат. Бүгүн алар менен теңата иштешип жатабыз. Бул маселе Эсеп палатасынын Өнүгүүсүнүн стратегиялык планында эң негизги артыкчылыктуу (приоритеттүү) багыт катары каралган.
Мамлекеттик аудиттин эл аралык стандарттарына өтүү үчүн эң оболу методикалык база түзүлүүсү зарыл эле. Ошондуктан аудиттин негизги үч түрү: "финансы аудити", "шайкештик аудити" жана "натыйжалуулук аудити" боюнча методикалык колдонмолор иштелип чыккан. Эл аралык стандарттарга өтүүгө толук шарт түзүлдү, кызматкерлерибиз окутулуп жатат.
Текшерүүнүн сапатын жогорулатуу, ачыктыгын камсыз кылуу жана бекитилген методикалык колдонмолорду жакшыртуу боюнча иштеп жатабыз.
Эсеп палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов: Текшерүүнүн сапатын жогорулатуу, ачыктыгын камсыз кылуу жана бекитилген методикалык колдонмолорду жакшыртуу боюнча иштеп жатабыз
— Эсептөө палатасы финансылык тартип бузуулардын жана башка бузуулардын классификаторун иштеп чыгып, колдонуп жатыптыр. Ал кандай натыйжа берүүдө?
— Биз пайдаланып келе жаткан каржылык бузуулардын классификатору талапка жооп бербей калды. Анткени азыр каржылык мыйзам бузуу фактылары өзгөчө көп катталууда. Ошол себептен эл аралык классификатордун форматын алууга туура келет. Аны өзүбүзгө ылайык бир аз өзгөртүп 2022-жылы ишке киргизгенбиз. Учурда жакшы жыйынтыктарды берүүдө.
— Азыр өлкөдө санариптештирүү иши жигердүү жүрүүдө. Эсеп палатасында бул жагынан кандай өзгөрүүлөр бар?
— Кызматкерлер жөнүндөгү өздүк маалыматтар "Е-кызмат" адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык тутумуна киргизилген. Ошондой эле иш кагаздарды жүргүзүү ИНФОДОКС электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик тутумуна толук кошулуп, санариптештирилген форматта жүргүзүлүүдө.
Сметалык каражаттарды пайдалануу боюнча форма №2 жана №4 отчёттору, мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу жана башка бардык каржылоо боюнча иш-аракеттер АИС КАЗНА автоматташтырылган маалыматтык тутумда жүргүзүлөт. Архивибиз да санариптештирилген.
Эсеп палатасы эл аралык аудитордук уюм болуп эсептелген АЗОСАИден 14,3 миң доллар, АРАБОСАИден 100 миң доллар өлчөмүндө грант алган. Бул финансылык каражаттар маалыматтык технологиялар жаатында материалдык-техникалык базаны жакшыртууга, Эсеп палатасынын маалыматтык-коммуникациялык технологиясын коргоого багытталган.
Жапаров: депутаттар Кумтөрдүн алтыны уурдалып-уурдалбаганын текшерип келсин