Кызыл аянттагы ГУМ-жылгаяк: балалыкка чакырган жомоктогудай ирмемдер

Россиянын борбору Москва шаарындагы Кызыл аянтта салт болуп калгандай быйыл да ГУМ-жылгаяк ачылды. Масштабдуу бул майрамда олимпиада чемпиондору, артисттер, балет бийчилери элге жагымдуу маанай тартуулашты. Аны Sputnik даярдаган сүрөт ирмемдерден көрсөңүз болот.
Sputnik
1 / 15

Кызыл аянтта быйылкыны кошо эсептегенде жылгаяк 17-ирет ачылып, муз тепкенди сүйгөндөргө кезектеги майрам башталды

2 / 15

Биринчи коноктор көркөм муз тебүү боюнча олимпида чемпиону Татьяна Навканын "Шахрезаданын махабатынын тарыхы" спектаклинен үзүндү көрүштү

3 / 15

Элге тартуулана турган номерлерди тогуз айга чукул даярдашкан. Ага көркөмдөп муз тебүүнү чеберлери, олимпиада чемпиондору: Камила Валиева, Никита Кацалапов жана Виктория Синицина катышты.

4 / 15

Татьяна Навка менен Камила Валиева муздагы балетти кантип алып чыкканын айтып берип жатышат

5 / 15

"Бул биз жакшы көргөн "Миң бир түн" жомогу", бала кезде аны баары окушкан. Ошол чыгарманын негизинде "Шахрезаданын махабатынын тарыхын" иштеп чыктык", – деген Навка

6 / 15

Образдарды шоунун катышуучулары үчүн атайын ойлоп чыгышкан. Мисалы, Камила Валиева алып чыккан образ – жакшылыктын, сүйүүнүн кудайы.

7 / 15

Чыгарманын текстин россиялык артисттер: Филипп Киркоров, Жасмин, Тимур Родригез жана Валерия окуду

8 / 15

Салттуу жылгаяктын ачылышына Россия шоу-бизнесинин атактуулары: Юлия Пересильд, Светлана Хоркина, Анна Снаткина, Андрей Малахов, Алика Смехова, Жасмин, Татьяна Михалкова, Игорь Николаев жана башкалар келишти

9 / 15

Бир катар артисттер үй-бүлөсү, жакын адамдары менен болду. Алардын арасында Филипп Киркоровдун атасы Бедрос, балдары Алла-Виктория, Мартин болду. Кызыл аянттагы майрамга ырчынын өзү башкалардын көзүнө дароо илинип, өзгөчө кийинип келди.

10 / 15

Теле алып баруучу Андрей Малахов РИА Новостинин окурмандарын келе жаткан 2023-Жаңы жыл менен куттуктап жатат

11 / 15

Элди ырчы Жасмин да куттуктады

12 / 15

Салтанаттын ачылышында Россиянын Спорттук гимнастика федерациясынын вице-президенти Алексей Немов жана Bosco di Ciliegi компаниясынын жетекчиси, ишкер Михаил Куснирович болду

13 / 15

ГУМ-жылгаяк менен бир эле учурда ГУМ-жарманке да иштеп баштады. Ал жерде каруселге түшүп, даамдуу азыктардан ооз тийип, сувенирлерди сатып ала аласыз.

14 / 15

2022-жылы ГУМ-жылгаяк менен ГУМ-жарманке Гжель стилинде жасалгаланган. Муз баш-аягы алты миң чарчы чакырымга куюлган.

15 / 15

ГУМ-жылгаяк эл үчүн саат 10:00дөн 23:00го чейин ачык. Иш күндөрүндө алгачкы төрт сеанс, бир саат бекер болот.

Тема боюнча:
Элдик курултайдан пляждагы аялга чейин. Апта ирмеми
Бука моюн, буура сан... Бишкекке 10 өлкөдөн чогулган балбандардын сүрөттөрү
Келечектин автокөлүктөрү: Лос-Анжелесте өткөн машиналардын көргөзмөсү сүрөттө