Шашылыш билдирүү! Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн

Жолго чыккан айдоочулар 500 метр аралыкты сакташы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 1-2-декабрь күндөрү жаай турган жаан-чачынга байланыштуу Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу) жана 198-231-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткү пайда болору күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлик жолдор тайгак болуп, муз тоңорун, унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектигин эскерткен. Алыскы жолго чыккан айдоочулар унаасын техникалык кароодон өткөрүп жана дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруусу зарылдыгы айтылды.
Кырсык катталган же жардамга муктаж болгон учурда 112 кызматына чалуу керек.
Кыш келди. Декабрда аба ырайы кандай болот