Радио

Мамасалиева: былтыр 48 айыл өкмөтү дотациядан чыкты

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы Таалайгүл Мамасалиева инфляцияга байланыштуу айыл өкмөттөргө тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү учуру келгендигин айтты.
Sputnik
Республикалык бюджеттен берилген трансферттерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында алар өнүгүүгө багыт алган учурда да бир нече жыл калтыруу зарыл. Мындай пикирин Таалайгүл Мамасалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылы 48 айыл өкмөтү дотациядан чыккан.
"Республика боюнча жалпы 452 айыл өкмөт болсо, анын 123ү өзүн-өзү камсыз кылат десек болот. Бирок бул жалпы көрсөткүчтүн 28 пайызы гана. Демек, калган 72 пайызы дотацияда отурат. Аларды бул абалдан чыгаруу үчүн бир нече механизм бар. Мисалы, республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү трансферттерди айыл өкмөтү ички кирешесин жакшырткан күндө да бир нече жыл камсыздоону токтотпоо керек. Тилекке каршы, учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кирешеси көбөйүп калса эле республикалык бюджеттен келүүчү трансферттер токтоп калууда. Анткени бул чектелген багыттарга, айлык акы, жөлөк пул жана башкаларга жумшалат. Ал эми жаңы пайда болгон ички кирешеси менен ошол айыл өкмөтү башка социалдык маселесин чечип алмак. Ошону менен катар эле дем берүүчү же стимгранттардын өлчөмүн да көбөйтүү зарыл. Анткени анда 3 миллион сом деп босого чек коюлган. Азыр инфляция күчөдү, кымбатчылык. Айылдар да бир калыпта турбай кеңеет, калкынын саны көбөйөт. Андыктан муну жок дегенде 5 миллион сомго чыгаруу керек. Мына ушинтип өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин жөнгө салган мыйзам, эрежелерге өзгөрүүлөр кириши учурдун талабы болуп турат", — деди Мамасалиева.
Ал ошондой эле айыл өкмөттөрүнө жүктөлгөн жергиликтүү маселелерди чечүүдөгү 24 талапты аткарууга ар бирине каражат керектелерин кошумчалады.