Россияда кыргызстандык курулушчу 27 жаштагы кызды өз үйүндө өлтүрдү деп кармалды

Үй ээсинин сөөгү курулуштан чыккан таштандылар салынган мүшөктөрдүн биринен табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык мигрант 27 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Россия ИИМинин шаардагы башкы башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 24-ноябрь күнү Приморье районунун полициясына 39 жаштагы киши кайрылып, 27 жаштагы таанышы бир күндөн бери дайынсыз болуп жатканын айткан. Ал өзүнүн батиринде жасалып жаткан ремонт иштерин текшерүү үчүн кеткен бойдон байланыш үзүлгөнүн билдирген.
25-ноябрь күнү полиция ал кыздын үйүнө барып тинткенде курулуштан чыккан таштандылар салынган мүшөктөрдүн биринде батир ээсинин сөөгү жатканын көрүшкөн. Кыз полиэтилен менен оролгон.
"Бул кылмышка жакынкы чет өлкөлөрдүн биринин 41 жаштагы жараны шектелүүдө. Ал ошол үйдө курулуш иштерин жасап жаткан. Эки күн бою укук коргоо органдары бүт шаар боюнча мигрантты издеди. Натыйжада 27-ноябрь күнү шектүү хостелдердин биринен чыгып жаткан жеринен кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Россиялык ЖМКлар кылмышка шектүү А. И. Кыргызстандын жараны экенин жазууда.
Москвада такси кызматында иштеген кыргызстандыктын сөөгү табылды