Сурабалдиева: Айдарбеков дайынсыз болуп жатат, Эмил Жамгырчиев УКМКга жеткирилген

Буга чейин Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуу долбоорун колдоо токтомуна кол койбогондугуна байланыштуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагалыгынан алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиев УКМКга жеткирилип, андан соң бошотулганын депутат Эльвира Сурабалдиева "Твиттердеги" баракчасына билдирди.
Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиев
Анын айтымында, "Альянстын" дагы бир мүчөсү Чыңгыз Айдарбековдун дайыны чыкпай жатат.
Депутат Эльвира Сурабалдиева

"Жамгырчиев менен Айдарбеков тажияга катышуу үчүн кетип жатышкан. "Ак жол" постунда Жамгырчиевге башка өлкөгө чыгууга тыюу салынганы аныкталды. Аны УКМК кармап кеткен, кийин бошотушту. Ал эми Айдарбековдон кечээтен бери дайын жок", — деди Сурабалдиева.

УКМКнын маалымат кызматы азырынча комментарий бере элек.
Буга чейин Айдарбеков Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагалыгынан алынган. Ага ишеним көрсөтпөө чечимин үч фракция жана депутаттык топ колдогон.
Буга Айдарбековдун комитет жыйынында кабыл алынган кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча макулдашуу долбоорун колдоо чечимине кол койбогону себеп болгон. Ал өз позициясын депутаттарга документтердин толук пакети көрсөтүлбөгөнү менен түшүндүргөн.
Андан соң вице-премьер Эдил Байсалов Айдарбековду сынга алып, ал каалашынча каршы добуш бере аларын, бирок комитет мүчөлөрүнүн көпчүлүгү жактырган чечимге кол коюуга милдеттүү экенин айткан.
Андан соң ал Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынан ажыратылган.
Эмне майдаланып жатасыз?! Сурабалдиева менен Ташиев кайым айтышты. Видео