28-ноябрга карата аба ырайы

28-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +2...+7, Таласта +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +10...+15, Ысык-Көлдө +4...+9 жана Нарын облусунда -2...+3 градус болору айтылды.
Күндүн табы борбор калаа Бишкек шаарында +3...+5, ордолуу Ошто +12...+14 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Калың кар жаабайбы? Кыргызстандагы бир жумага карата аба ырайы