Күн сууктайбы? Алдыдагы аптага карата Ош облусундагы аба ырайы

Тоолуу райондордогу жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата Ош облусунун аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Аптанын башында абанын температурасы 15 градуска чейин көтөрүлүп, аягында бир аз төмөндөйт.
27-28-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 29-ноябрда көпчүлүк аймактарда, 30-ноябрда жана 1-2-декабрда айрым жерлерде кар жаайт. 3-декабрь күнү күн ачык болот.
Тоолуу райондордогу жолдорго муз тоңуп, тайгак болору айтылды.
Кыштын биринчи айы суук болобу? Декабрга карата аба ырайы