БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Элдик курултайга келген делегаттардан коррупционерлерге болушпай, жектөөгө чакырды.
Мамлекет башчынын айтымында, өлкөнү ичинен кемирип жеп, Кыргызстандын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип, бардык тармактарга тамырын кеңири жайып кирип алган коррупция көйгөйү дагы деле бар.
"Биз өлкө башына келгенден тартып коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзгөнүбүзгө карабай бул илдеттен арыла албай жатканыбызды ачык айталы. Эки баштуу ажыдаарга айланган коррупциянын бир башын кессек, экинчи башы өсүп токтобой келе жатат. Бирок кол куушуруп шалдайып отуруп калган жерибиз жок, коррупция менен айыгышкан күрөш жүрүп жатат", — деди Жапаров.
Аны менен катар президент курултайдын күчүн коррупцияга каршы күрөшкө багыттай алса натыйжа сөзсүз болоруна ишеним артты.
"Бүгүн талкуулана турган башкы маселенин бири катары карап, коррупциянын кесепети жана алдын алууга жапа тырмак киришсек. Эгер элибиз коррупционерлерди тууганым, жердешим эле деп коргой берсе, бул илдеттен эч качан кутула албайбыз. Мамлекеттик, демек, элдик мүлккө суук колун салгандарды жалпылап жектесек, болушпасак. "Коррупционерсиңби, мыйзам алдында жазаңды тарт" десек гана биргеликте жеңе алабыз", — деди президент.