БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги дүйнө жүзү боюнча адамдардын активдүү кыймылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) сунуштаган ченге жетпей турганын билдирди.
Ден соолукту чыңдоо борборунун маалыматына ылайык, ДССУ чоң адамдар жумасына 150 мүнөт интенсивдүү же 75 мүнөт өтө активдүү кыймылда болушу керектигин эскертет. Мындай аракет адам өз саламаттыгына кам көрүүсү үчүн зарыл.
"Дүйнөдөгү 18 жаштан өткөн адамдардын төрттөн бир бөлүгү (1,4 миллиард) жетишерлик кыймылдашпайт. Ар бир үчүнчү аял жана ар бир төртүнчү эркек ден соолугуна туура кам көрүү үчүн талап кылынган деңгээлде кыймылдабайт. Кирешеси аз өлкөлөргө караганда кирешеси көп өлкөлөрдүн калкынын дене бой жагынан активдүүлүгү жогору. Дүйнөдө 2001-жылдан бери мындай активдүүлүктүн жалпы көрсөткүчү өзгөрүлбөй келет. Кыймылдын азаюусу кайсы бир деңгээлде адамдын жумушуна, үйдө да көп кыймылдабаганга көнгөнүнө, спорт менен машыгууга атайын убакыт бөлбөгөнүнө байланыштуу", — деп айтылат билдирүүдө.
Анда 2016-жылы дүйнө жүзү боюнча 11-17 жаштагы өспүрүмдөрдүн 81 пайызы талаптагыдай деңгээлде кыймылдашпай турганы жазылган. Өзгөчө өспүрүм кыздар балдарга караганда пассивдүү жүрөрү аныкталды. ДСУ 11-17 жаштагы өспүрүмдөр саламаттыгын жакшы сактоо үчүн күнүнө 60 мүнөт активдүү кыймылдоо зарыл экендигин эскерткен.