Келечектин автокөлүктөрү: Лос-Анжелесте өткөн машиналардын көргөзмөсү сүрөттө

Лос-Анжелесте автоунаалардын жана автоунаа технологияларынын жаңы түрлөрүн тартуулаган AutoMobility LA көргөзмөсү өттү. Анда гибрид-машиналар, жолтандабастар, спорттук автоунаалар жана үстү ачылган автокөлүктөр (кабриолет) көрсөтүлдү.
Sputnik
Иш-чара жыл сайын салтка айлангандай ноябрда Los Angeles Convention Center комплексинде болуп келет. Алгачкы көргөзмө 1907-жылы өткөрүлгөн. Заманбап автомобиль өнөр жайынын негизги максаты — электр жана суутек менен иштеген моторлорго өтүү.
1 / 10

Toyota LQ автоунаасы өзү деле жүрүп кете берет, бирок ичинде киши болушу керек. Ал шаар ичинде көчө кесилиштеринен жана айлампалардан тоскоолдуксуз өтүп, жолдогу ар кандай кырдаалдарга ыкчам аракет көрө алат. Автоунаа батарея менен жабдыкталган.

2 / 10

Subaru Impreza автоунаасынын жаңы үлгүсүн арт жагы кененирээк болуп, жүк салганга ылайыкташат

3 / 10

Суутек менен иштеген Hyperion Hydrogen Electric XP1 спорттук автоунаасы. Аны иштеп чыгууга 10 жылдай убакыт кеткен.

4 / 10

Жаңыланган Ford Mustang автокөлүгү 2023-жылдан тарта сатыкка чыгышы мүмкүн

5 / 10

Орто моторлуу Porsche 718 Cayman Style Edition автоунаасы. Өндүрүүчүлөрдүн айтымында, бул спорттук стилди жактыргандарга ылайык келет.

6 / 10

Вьетнамдык VinFast электромобиль чыгаруу компаниясы бир нече жолтандабасты, анын ичинде эки кроссоверди тартуулады. Алар жакынкы убакта сатыкка чыгып баштамакчы.

7 / 10

Kia EV6 жолтандабасы ылдамдыгы жана электромобиль катары бат кубат алганы менен айырмаланат. Максималдуу ылдамдыгы саатына 260 чакырымга жетет.

8 / 10

Volkswagen ID Buzz литий-иондук аккумулятор менен иштейт. Компания аны кубаттоо үчүн жарым саат гана талап кылына турганына ишендирген.

9 / 10

Лос-Анжелестеги AutoMobility LA автоунаа көргөзмөсүнө келген коноктор

10 / 10

Rolling Lab компаниясына таандык суутек менен жүрө турган Hyundai N Vision 74 автоунаасы

Тема боюнча:
"Күйгөн" дарыя, суу алдындагы ири бегемот. Жаныбарлардын мыкты сүрөттөрү
Кыргыздын чырайлуу, таланттуу актрисалары... Кызыктуу сүрөттөр