Вице-спикер Сыдыгалиев: кабинеттен кууса эле кете бересиңерби, чыкпай отургула

Бакиров өзү жокто кабинетинин эшигин талкалап киришкенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо депутаттар чечим чыгарып кесиптеши Өмүрбек Бакировго кабинетин кайрып берүүнү сунуштады.
Ал депутаттын кол тийбестигине каршы аракеттер жасалганын белгиледи.
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев кабинеттен мыйзамсыз чыгарылса кайра кирип отура берүүгө чакырды.
"Депутаттар, буга чейин баарыңыздарга кабинет бөлүнүп берилген. Силер отурган кабинетиңерди эмнеге берип коёсуңар? Иш башкармалыктан келип кубалап чыкса эле кете бересиңерби? Азыр добушка коюп "кайра барып отурсун" деп чечим кабыл алабызбы? Кабинет өзүңүздүкү, барып отура бериңиз. Андай чечимди мен добушка коё албайм. Чык десе эле чыгып кете бересиңерби? Депутаттык кол тийбестик мыйзамын окубайсыңарбы. Кирип отуруп алыңыздар", — деди вице-спикер.
Өз кезегинде Өмүрбек Бакиров өзү жокто эшикти талкалап киришкенин айтты.
"Кабинет маселесин парламентте көтөрбөйүн дегем. Мен жумушка келбеген күнү жардамчыларым кулпулап чыгып кетсе, эшикти бузуп киришиптир. Эмнеге таянып буюм-тайымды чыгарганын сураш үчүн бүгүн жооп күтүп отургам. Чоң кабинетте элдин маселесин көтөрө албай калтырап-титиреп отургандан көрө, элдин жүрөгүнөн кабинет табуу маанилүү", — деди Бакиров.
Эскерте кетсек, өткөн жумада эл өкүлү Өмүрбек Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан. Ташиевге болушуп депутат Фархат Исмаилов кесиптеши менен мушташып кете жаздаган.
Андан соң парламенттин чарбалык иштерин караган Президенттин иш башкармалыгы Бакировго 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымын коридорго чыгарып салышкан.
Көчөдө жүрөм. Депутат Бакиров ага кабинет берилбей жатканын айтты. Видео