Бет сөөгү талкаланган. Дүйнө чемпионатындагы саудиялык коргоочунун жаракаты. Видео

Сауд Арабиянын бийлиги Германияда дарылануу үчүн спортчуга учак бөлүп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча дүйнө чемпионатында Сауд Арабиясынын дарбазачысы команданын коргоочусун катуу жарадар кылган.
Окуя Аргентина менен ойноп жаткан учурда болгон. "Чемпионаттын" айтымында, голкипер Мохамед Аль-Овайс топту тосуп алууга аракет кылып жатып коргоочу Яссер Аль-Шахранини тизеси менен башка тепкен. Жабырлануучуну оюн талаасынан замбилге салып көтөрүп кетишкен.
Футболчунун жаагы сынып, бет сөөктөрү бырчаланып, бир нече тиши сынып кеткени айтылды. Эми ага операция жасалат. Сауд Арабиянын бийлиги Германияда дарылануу үчүн спортчуга учак бөлүп берген.
Беттеш 2:1 эсеби менен саудиялыктардын пайдасына аяктады.
Сауд Арабияда футболдогу сенсациялык жеңиштин урматына эс алуу күнү жарыяланды