Кыргызстанда казино ачуунун шарты өзгөрдү. Кимдерге лицензия берилет?

Учурда даярдык иштери бүтө электигине байланыштуу бир дагы лицензия бериле элек.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда казино ачууга уруксат берүүнү сурап үч ишкерден кайрылуу түштү. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев парламенттин тармактык комитетинде билдирди.
Анын айтымында, учурда даярдык иштери бүтө электигине байланыштуу бир дагы лицензия бериле элек.

"Азыр Кыргызстандын жарандарын казиного киргизбөө үчүн Санарип министрлиги менен паспорттун ИННин каттоого алуу системасын даярдап жатабыз. Ошол система ишке киргизилгенден кийин лицензия берилет. Андан башка шарттары дагы өзгөрүп жатат. Казино жатаканалары көбүрөөк, залдары чоңураак болгон беш жылдыздуу гана мейманканаларда иштей алат. Анан атайын бөлүнгөн инвестициялык бир зона түзүп жатабыз. Ал жерге кумар оюндарына кызыккан чет элдиктер келип ойнойт. Биздин жарандар кирбегендей шарттарды түзүшүбүз керек", — деди Амангелдиев.

Ал эми өкмөт башчы Акылбек Жапаров өлкөдө ыкчам төлөм системалары жок экенин айтып, ал үчүн жаңы каржылык технологияларды киргизип жатканын айтты. Ошону менен катар санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов паспорт ИННи менен каттоого алуу системасы даяр болуп калганын, жакын арада ишке киргизилерин билдирди.
Белгилей кетсек, казинонун ишине уруксат берген мыйзам быйыл 30-июнда кабыл алынган. Бийлик муну менен инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарт түзүп, мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүүнү максат кылган. Мыйзам долбоору парламентте бир топ талаш-тартыш жараткан.
Байдыкын байкуш аяйт болбогула! Жапаров казиного каршы чыккан элге кайрылды