Көкөтөйдүн зыйнаты, ашка көрүлгөн камылга. Улуу баяндан 8 факт

Буга чейин Көкөтөй хандын керээзи жана Бокмурундун Манаска барышы тууралуу айтып бергенбиз.
Sputnik
Көкөтөйдүн өлүм зыйнатына эл чакыруу. Айдар деген жайма көкүл жаш жигитке ат күлүгүн мингизип, алтындан тон кийгизип, алты айда араң чакырып болчу жерлердин дайынын айтты Көкөтөйдүн азасында отурган билермандар уулу Бокмурунга. Аягы Ысар, Көлөп, башы Жызак, Жөлөк, бир жагы Бадакшан менен Балыкты, андан ары Багдат, бул жагы Олуя-Ата – ушул жердеги бүт мусулман элин топурак салууга чакырды. Бул чакырыктын башында Кошой баатыр турду, ал Кашкарга кабар бердирди, Таласты турак кылган Манаска кабар бердирди, казактардан Айдаркан уулу Көкчө келсин дешти, келип Бай Көкөтөйгө өкүрүп түшүп, топурак салып, байдын бар дүйнөсүн чачып кетсин дешти. Жайма көкүл атына камчы басты...
Топурак салганы келгендерге көрсөтүлгөн сый. Бокмурун келгендердин алдына атадан калган дүйнө-мүлкүн көрсөттү, байге деп аттарды аябай таратты, кызынасын ачты, күлүктөрдү тандап өлүм зыйнатына чабылчу көрбайге чаптырды, андан алган сыйларын алып кубанып жүрдү көпчүлүк. Кээлерине атан төөлөр тийди, келбей калгандарга да жылкы жаныбардан олжо бөлүштү, Көкөтөйдүн байлыгын бүт көрүштү. Бирине тийди музоо, торпок, дагы бирине саан уй, дагы бирине бештен-ондон кой тийди, ага жетпегендерге ошончодон эчки энчиленди. Ошентип жакырлары бай болду, байлары дагы байып шатыра-шатман шай болду. Бай Көкөтөй өткөнгө отуз алтын күн болду. Топурак салууга келгендин баарынын түшкүсүнө бээ союп, кечкисине тай союп, кызыл-кызыл чай коюп, кишмиш чайкап сүт берип, кайра-кайра казандан чыгарып эт берип алыс-жуук элди бир кумардан чыгарды. Бокмурун оолугат, атамдын Алайда жүз миң кою бар эле, Кара-Кулжа Тар жакта дагы жүз миң кою бар, Ташкен менен Наманген арасындагы Айкымдын сары талаасы деген жерде дагы жүз миңи бар экен, атан төөсү токсон миң, алар Олуя-Ата, Чымкентте, Орол менен Сайрамда, Аксыда жай гана жантак чайнап жайылып жүрчү дейт. Сыр-Дарыя боюнда эки жүз миң сыйыры жер жайнап жатыптыр. Жети жүз миң жылкысын жети жүз жылкычы караптыр, алардын эки жүз миңи Алайда, эки жүз миңи Кашкардын үстү Ак-Сайда, үч жүз миңи Соң-Көл менен Арпада, чабыр малы Кетмен-Төбөдө туруптур. Бокмурун атасынын ушунча малынан чычкан улак алып калбай бүт элге берем деп оолугуп чыгат. Кызыл кымкаптын болсо саны жок, атилес, тубар, торгун, доолон, чүчтө, буулум, бута, башайы, барча деген маталар сарайда бузулбай жаткан жеринен чубалып чыгып, самандай чачылды, баш-аягы он кадам үй толгон алтынын алып таратты, дөбө-тоо болгон жамбысын элге чачты. Адамдар болсо жетине албай сүйүнүп Көкөтөй канга гана эмес, анын атасы Жанадил дөөгө да, бабасы Бакатил баатырга да миң алкышын арнашты. Өлгөнүнө мал чачкан, өлүмүнө ат чаптырып, анысын көрбайге атаган мындай өлүм-тойду ким көрүптүр да, ким угуптур?..
Манастын Көкөтөй канга өкүрүп түшүшү. Көкөтөйдүн өлгөнүнө отуз алтын күн дегенде барабан согуп дүңгүрөп, сурнай кулак тундуруп, керней үнү бапылдап, жезнай тартып такылдап, чылмардан согуп шакылдап, асабасы жалпылдап, айчыктуу туулар жаркылдап бир керемет башталды. Көрсө баатырларынын баарын алып, Бакай абасын баш кылып, Кыргыл чал баштаган кырк чорону кылкылдатып, төлгөчү менен далычысын коштоп Эр Манас келе жатыптыр. Анын келип калганын угуп, Көкөтөйдүн элинен алты миң баланы жыйып Бокмурун турду "атакелеп" өкүрүп. "Он бешке жашым жеткени, о дүйнөгө бет алып оёнум атам кеткени, ойронум чыгып Бокмурун, өксөбөсө неткени, кагылып атка мингизбей, калк кадырын билгизбей кайып болдуң атам" деп буркурап боздосо жанына адам бара албайт. Манас келип түшкөн Көкөтөйдүн азасында ошол күнү "сексен миң адам күңгүрөп, жер көчүрүп дүңгүрөп" турду казак, кыргыз калкынан.
Манастын ууланышы, Көзкамандардын бычакташуусу. Улуу баяндан 6 факт
Аза зыйнатына келгендер. Манастын артынан отуз миң кишиси менен казак каны Айдаркан уулу эр Көкчө түштү өкүрүп, аларга улай эле эки миңдей кол менен Элеман келди, анан Жамгырчы келди буркурап, айгай салып чуркурап. Үрбү келди бир убакта, ээрчиткени үч миңдей, Балыктын башы Көмөктөн Жедигердин Багышы эки жарым миң менен келди, Улуу-Чаттан карыя Шыгай бу келди. Эртеси түш эңкейген кезинде Кокон, Маргалаң, Оро-Төбө, Самаркан, Арсы, Жөлөк, Ысар, Көлөптөн Саалай датка, Санжыбек деген кандар токсон миңи менен келип түштү буркурап, Бокмурун турат бүт тамыры зыркырап. Кең Ташкенге эл толду, жүз миң өгүз союлду, дасторконго не бир азыктын баары коюлду, аалымдар турат жыйылып, шарият сүйлөп бир кудайга жалынып. Кеперетин чыгарып, эки жүз миң кой айдап, токсон миң кара мал байлап, бурак атын токутуп, жаназасын окутуп, табытка салып көтөрүп, бидиясын өткөрүп, салооту намаз – жаназага сап-сап болуп көз жетпес жерге турушту. Топурак салган адамдар мүрзөсүн тоодой кылып үйүштү. Андан соң Көкөтөй деген бай өтүп ойротко болду кыйла той, көрбайгеде отуз атка мөөрөй коюлду. Кокондон коё берилген ат чабууда биринчи болуп Багыштын аты Суркийик, анын соңунан Элемандын Телтору аты, анан Эр Көкчөнүн Кара төбөл Жармаңдайы, дагы-дагылар келип марадан байгесин алды.
Бокмурундун атасынын байлыктарын чачышы. Көрбайгеден кийин Бокмурун топурак салганы келгендерге алты там толгон теңгесинен эки тамын ачтырды, оңду-солду чачтырды, анысы да аз көрүнүп, атама тийсин пайдасы деп алты араба күмүшүн күм-жам кылды бир паста, ак теңгесин алгандар этекке буудай салгандай салып жүрөт кудуңдап. Кырк миң молдо Бай Көкөтөйгө багыштап кырк күн куран окушту.
Көкөтөйдүн кырк ашы. Ушуларга удаа эле маркумдун кыркылыгын – кырк ашын берди. Кырк ашка ой жагынан тарса, андан бери парсы, капталдан калча, Оогандан Акун кан келди, айтылуу Манас кан келди, дагы-дагы көбү келди. Бир гана кытайдан киши келбеди. Ат чабылат деп күлүктөр келди туш-туштан. Аш үч күнгө созулду. Жети жүз бээ сойдурду, байге кырк атка сайылды, жети жүз ат айдалды, жүз киши ат айдады, үч киши калыстыкка шайланды. Кара-Көл деген деңизден коё берилди күлүктөр. Баарын башкарып баягы Баймырзасы жүрөт. Аттар коё берилди, шамалдай дыркырап, жаа огундай зыркырап, буудан тулпарлар чаңды абага буркуратып келет. Кыпчактардын Эр Үрбүсүнүн Эгизкара деген аты келди эң алды, аркасында Керкашка, андан кийин Карткүрөң – баары чубашып бир-бирден марага жетти. Эң аяккы келген аттар да тогуздап байге алды.
Бокмурундун өз элине кайрылганы. Ошентип кырк ашы тарап өзгө журт кетти, өз калды. Бокмурун анан элине кайрылды, үчүнчү жылда атама аш берсек деп масылаат курду, ага чейин кочкорду баккын – түрк болсун, козуну баккын – ирик болсун, тайлакты баккын – төө болсун, айгырды бычкын – ат болсун, кылым журтта сөз болсун, кыяматка чейин даңаза болсун атабыздын ашы деди. Ага чейин өз журтубуз – Ташкен менен Анжиян эли жалгыз улак да сатпагыла, эмне керек болсо атамдан калган дүйнөдөн алгыла, мында кол жеткендин баары бар, көйнөгүң тозсо – көйнөк ал, көтөрүлүп өссүн мал, чапаның тозсо – чапан ал, өтүгүң жыртылса – өтүк ал, асти мал сатпагыла, семире берсин баккан мал дейт. Эсебин алып жоктоңор, мал сатуудан токтоңор деген жарыя айтат. Өз эли аш берүүгө күтүнүшү керек. Ашка дөңгөлөк жерден жөрмөлөп болсо да эчен түрдүү журт келет. Томолок Жер үстүнөн гана эмес Жер астынан да коноктор келет, эки буттуу адамдар гана эмес, дөөлөр келет, перилер келет, шыба менен чери келет, алаткак менен чыңыроон келет, жапайы адам делген адамноо келет, биринин бели пилден жоон саяса дегендерден келет, убара чаркөө менен заңгар дегендер келет, эргежээл, итаалы келет, жегени кыткыл чөп Көйөктүн журту жуда келет. Ошолорду өз элибиз өзүбүз тособуз дейт. Байлыгы бар кишиге ким эмне демек – баары башын ийкеп турат.
Бокмурун айткандай болду. Анын эли чычкак улак сатпай, мал-жанын көбөйтүп, эскирген кийимин кан сарайдын эсебинен жаңылап алды. Мал көбөйдү. Арадан үч жыл бейпил өттү. Бул жылдарда эр семирип эрикти, кыз-келиндер желикти, кышында буура күркүрөдү, жазында бука өкүрдү, айгырдын баары кишенеди, акырып теке титиреди, кочкордун баары сүзүштү, жаткан малдар тура албай, букалар моюн бура албай, котосу толду койнотко. Булар эле эмес Кан Көкөтөй алты пил, эки керик, ар биринде кырк кишилик күчү бар үч жолборс, кызыл чаар арыстан, беш илбирс, алты аюу, эки кабылан бактырган экен. Катылет деген жаныбыр жүрөт, жалгыз аяк, үч колдуу заңгар жүрөт, тыкты маймыл жүрөт ар кыл оюн коюп эркелеп, тогуз түрдүү тоту кушу бар эле адамча сүйлөп. Ташкендин калаасын жерлеген Бай Көкөтөй ушунча сарамжал экен, ушунча байлык топтогон экен. Ал эле эмес, эки миң качыры бой керип кычырайт. Аш кудайга деп Бокмурун үйү дүйнөгө толот, аттары минилбей кулан болот, кулундары үч жашар кунан болот, бээлери беш паксалуу дубалдай бийик болот. Бул малдары жер-сууга батпай үч жыл ичинде Суусамыр менен Алай, Ак-Сай менен Арпа, Соң-Көл менен дагы-дагы көп жайытты ээлеп калат. Уйлары жатат семирип Ак-Дөбөдө музоолору менен, ак сүтү толуп желинге. Кой-козусу Ысар менен Көлөптө. Аттары Арсы менен Жөлөктө. Төөлөрү Сыр боюнда, Чымген менен Сайрамда. Булардын баары Бокмурундун Көкөтөйдүн ашына кылган камылга.
Көкөтөйдүн керээзи: Бокмурундун Манаска барышы. Улуу баяндан 6 факт