Казакстанда президенттик шайлоо соңуна чыкты. Жыйынтыгы качан белгилүү болот?

Саат 20:00гө карата добуш бергендердин саны 69,31 пайызга жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Казакстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо үчүн ачылган участкалардын көбү жабылганын Sputnik Каазкстан кабарлады.
Батыш Казакстан, Актөбө, Атырау, Мангистау жана Кызылорда облустарында участкалар Астананын убактысы боюнча саат 21:00дө жабылды.
БШКнын маалыматы боюнча, өлкө аймагында 10 миңден ашуун шайлоо участкалары ачылган.
Саат 20:00гө карата келген элдин саны 69,31 пайызды түздү. Астана менен Алматы шаарларында шайлоочулар өтө аз болгону айтылды. Ушу тапта жабылган участкаларда добуштар саналып жатат.
Эми БШК жети күндүн аралыгында шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, жаңы президентти катташы керек. Эрежеге ылайык, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы эртеси күнү белгилүү болот.
Эскерте кетсек, коңшу өлкөнүн президенттигине алты адам ат салышты. Алардын арасында учурдагы өлкө башчы Касым-Жомарт Токаев да бар.
Кыргызстан менен Казакстандагы президенттик шайлоонун 7 айырмасы