БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. "Түндүк агымды" оңдоонун келечегин сүйлөшөрдөн мурда, келтирилген зыяндын толук бааланышын күтүш керек. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге маалымат жыйын учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Швециянын Коопсуздук кызматы "Түндүк агымдагы" жардырууну иликтөө иштери ал жакта диверсия болгонун көрсөткөнүн айтып, жарылуунун кесепетинен газ түтүктөрү олуттуу зыянга учурагандыгы документтештирилгенин белгилеген.
Журналисттердин бири Песковго "Жакын арада газ түтүктөрүн оңдоо боюнча кандайдыр бир чечим барбы?" деген суроо узаткан.
"Оболу келтирилген зыяндын толук бааланышын күтүш керек. Ошондой эле адистер калыбына келтирүү же келтирбөө боюнча корутунду бергенге чейин келтирилген зыян боюнча маалыматтарды талдоо зарыл. Кырсык болгон жерде өз иликтөөсүн жүргүзгөн биргелешкен ишкананын уруксаты керек экенин билесиңер. Ошол себептен аларды күтөбүз. Бул жерде сабырдуулук кылып биргелешкен ишкананын маалыматын же "Газпромдун" маалыматын күтөбүз", — деген Песков.
Эске салсак, 26-сентябрда Россиянын "Түндүк агым", "Түндүк агым — 2" түтүгүнөн газ чыкканы аныкталган. Германия, Дания жана Швеция бул атайын жасалган диверсия экенин четке каккан эмес. "Түндүк агымдын" оператору Nord Stream AG оңдоо иштерин баалоо мүмкүн эмес экенин айтса, Россиянын Коргоо министрлиги "Түндүк агым — 1" жана "Түндүк агым — 2" газ түтүктөрүндөгү жардырууну даярдаган деп Улуу Британияга айып койгон. Муну РФ президенти бүтүндөй континенттин энергетикалык коопсуздугун үзгүлтүккө учураткан эл аралык террордук акт деп атаган.