Бутунан майып кыргызстандык жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш тагынды

Былтыр Бакиров Кыргызстанда грэпплинг боюнча чемпион аталган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. 32 жаштагы бир буттуу кыргызстандык Азат Бакиров жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында эки күмүш медаль тагынды.
Эки мелдеш тең ноябрь айында Абу-Даби шаарында (БАЭ) өткөн.
Биринчисин жиу-житсу боюнча дүйнөлүк федерация уюштурган. Анда кыргызстандык катардагы спортчулар менен 77 килограмм салмакта күч сынашкан. Экинчи чемпионатты жиу-житсу боюнча араб федерациясы уюштуруп, Бакиров анда майыптыгы барлар менен кармашкан.
Белгилей кетсек, былтыр Бакиров Кыргызстанда грэпплинг боюнча чемпион аталып, ушул эле спорттун түрү боюнча чемпионатта үчүнчү орунду алган.
Жиу-житсу боюнча курама команда Абу-Дабиден беш медаль алып келди. Сүрөт