Бут эмнеден улам ооруйт? Невролог бир нече себебин айтты

Медик бут ооруларын алдын алса жана дарыласа болорун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бут көбүнчө муун, булчуң же нервден улам ооруйт. Бул тууралуу "Известия" басылмасына невролог Артем Барышев айтып, аны дарылоо жолдорун тизмектеген.
"Жаш өткөн сайын бут тез-тезден оорутат. Бирок адам таяк менен басып каламбы деп коркпош керек. Себеби аны алдын алса жана дарыласа болот. Адатта муундар жабыркаса эле бут ооруйт. Бирок аны ар кандай дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, коллагенге бай азыктарды колдонуп, муунга күч келтирбей айыктырууга мүмкүн", — деген медик.
Дарыгер бир сыйра ортопедге көрүнүп коюу ашыкча болбой турганын кошумчалаган.
"Эгер бут булчуңдан улам оорутуп жатса, анда башкача белги берет. Бул учурда бут талып, чарчап, кан тамырлар чоңоюп, көрүнө баштайт. Мындай белгилер микроэлементтер балансы бузулганынан кабар берет. Өзгөчө организмде магний менен калий жок калган учурда буттун булчуңдары алсыздана баштайт", — деген дарыгер.
Барышев кайсы учурда бут нервге байланыштуу ооруй турганын түшүндүргөн.
"Эгер булчуңдар кадимкидей эле иштеп, бут чарчабай, бирок кечинде уктатпай кыйнаса, эртең менен ийне менен сайгандай оорутса, анда ал нерв менен байланыштуу. Бул учурда өзүм билемдикке салбай дарыгер менен кеңешүү керек", — деди Барышев.
Медик бут ар түрдүү себептерден улам оорутушу мүмкүн экенин эскертип, кандай болгон учурда дагы дарыгерге кайрылуу зарыл экенин кошумчалаган.
Кеңседе жылуу бут кийим кийбеңиз! Дарыгер кесепетин айтты