БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Азия чемпионатынан төрт коло медаль жеңгенин Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Мелдеш 30-сентябрдан 13-ноябрга чейин Иорданиянын борбору Амман шаарында болду.
Коло медаль алгандар:
Санжар Сейдакматов — 54 кг.;
Нурадин Рустамбек уулу — 71 кг.;
Өмүрбек Бекжигит уулу — 80 кг.;
Эркинбек Адылбек уулу — 86 кг.
Спортчулар чемпионатка курама команданын улук машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу жана башкы машыктыруучусу Улан Сагыналиевдин жетекчилиги алдында катышты.