Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ДЭР аскерлери Украинада туткундарды кантип кыйнаганын айтып беришти

Sputnik
Украинанын коопсуздук кызматы россиялык туткундарды бир нече сааттап электр тогу менен кыйнагандыгын, алардын денеси күйүк алып, көгөргөндүгүн ДЭРдин Элдик милициясынын өкүлдөрү Станислав Лебеденко, Артур Клинов РИА Новостиге айтып берген.
Алар мындай кыйноого кабылган эмес, бирок туткунда болгондор менен байланышта болуп сүйлөшкөндө, украиналык күч түзүмдөрүнүн кылыктары туурасында маалымат алышкан.
РИА Новости Telegram-каналга видео жайгаштырды.

"Өткөргүчтөрдү аскер туткундарына байлап, ал аркылуу ток жиберген, эки сааттан жасашкан... Көзүн байлап, башына кап кийгизген. Бизге манжалары көгөрүп (туткундар - ред.) келишти. Экөөнү кадимкидей эле "куйкалашкан", — деген сержант Клинов.

Анын жолдошу ток менен кыйноого алынган төрт туткун туурасында билерин, алардын денесинде "жылаңач зымдар менен ток өткөндүктөн тактар болгонун" баяндаган.
Туткундарды ар кыл ыкмалар менен суракка алышкан. Аларга жасалган кыйноолор да ар кыл болгон. Электр тогунан сырткары уруп, коркутуп, көбүрөөк маалымат алууга аракет кылышканы айтылды.
3-ноябрда РФтин Коргоо министрлиги Киев режиминин көзөмөлүндө турган аймактардан кезектеги туткун алмашууда россиялык 107 аскер кызматкери кайтарылгандыгын, алардын арасында ДЭРдеги, ЛЭРдеги аскердик бөлүктөрдүн жоокерлери болгондугун билдирген.