Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Столтенберг: Россиянын аскердик потенциалын этибар албай коюуга болбойт

РФ президенти Владимир Путин көпүрөнү жардырып Киев өзүн террордук топтор менен бир тепкичке коюп койгонун, мындай кылмыштар жоопсуз калбашы керектигин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг британиялык Sky News телеканалына маек куруп жатып Россия кубаттуу аскердик потенциалга ээ экенин айтып, аны этибарга албай коюу мүмкүн эместигин белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Россияны баалабай коюуга болбойт. Украина шаарларына сокку урууга ал-күчү жетиштүү. Учкучсуз аппараттары менен ракеталык соккуларын көрдүк... Бул Россия азыр деле чоң кыйроого дуушар кылууга жөндөмдүү экенин айгинелеп турат", — деди Столтенберг.
Эскерте кетсек, Россиянын Куралдуу күчтөрү Крым көпүрөсүнүн жардырылышынан эки күн өткөн соң, 10-октябрда, ракеталык сокку ура баштаган. Россия бийлиги аталган терактыны Украинанын атайын кызматы жасаган деп эсептейт. Соккулар Харьков менен Киевден башталып, Львов менен Ивано-Франковскиге чейинки энергетика, коргонуу өнөр жайы, байланыш объектилерине узатылган.
РФ президенти Владимир Путин көпүрөнү жардырып Киев өзүн террордук топтор менен бир тепкичке коюп койгонун, мындай кылмыштар жоопсуз калбашы керектигин билдирген.
Россия Украинадагы атайын операциясын 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан кордукка жана кыргынга кабылган элди коргоо" экенин белгилеген. Анын айтымында, бул үчүн Украинаны денацификациялап жана демилитаризациялап, Донбасстын тынч калкына каршы кандуу кылмышка баргандарды сот жоопкерчилигине тартуу керек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын аскердик операциянын жаңы форматы: деңиздеги дрондор кармашы