Херсон облусунун башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов көз жумду

Аткаминер жол кырсыгына кабылганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. – Sputnik. Херсон облусунун башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов көз жумганын РИА Новости аймак администрациясынын маалымат кызматына шилтеме берип жазды.
Telegram-канал жазган маалымат боюнча, аткаминер жол кырсыгына кабылган.
Кирилл Стремоусов 1976-жылы Донецк облусунда туулган. Россиянын аскерлери Херсон облусун бошоткондон кийин администрация башчысынын орун басары болуп дайындалган. Күн сайын социалдык тармактагы баракчалары аркылуу аймактагы абал тууралуу билдирүүлөрдү жарыялап турган.
Иркутск шаарында кырсыктаган учактын эки пилоту көз жумду