Кыргызстандын жаратылышына кызыгып келген чет элдиктер. Архивдик ирмемдер

Союз маалында өлкөнүн ажайып кооз жаратылышын, ак кар баскан мөңгүлүү тоолорун көргөнү чет элдиктер көп келчү. Sputnik Кыргызстан агенттиги сырттан келген эс алуучулардын сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Учурунда республика аймагында чет элдик альпинисттер келип машыгып, окумуштуулар илимий иштер менен алектенген. Ошондой эле жаратылышка суктанып жөн эле эс алып кеткендер да арбын болгон. Мисалы, 1987-жылы Кыргызстанда "СССР — Түндүк уюл — Канада" эл аралык лыжа экспедициясы уюштурулуп, ага катышкан жүздөгөн спортчулар Ала-Тоону аралап чоң жолго даярданышкан.
1 / 12

"Ала-Арча" жаратылыш коругун аралаган Вьетнамдан келген туристтер. 1979-жыл

2 / 12

Ош облусундагы Көк-Суу капчыгайында Москвадагы "Спартак" спорттук коомунун альпинисттери. 1981-жыл

3 / 12

Канада менен СССРдин альпинисттеринин машыгуусу. Чет элдиктер кыргыз кызы менен таанышууда. 1987-жыл

4 / 12

Альпинисттер ашуу ашып эс алып отурушат. 1969-жыл

5 / 12

Тянь-Шань тоолорунан лыжа менен түшүүгө даярданган спортчулар. 1981-жыл

6 / 12

Ат минип алып тоолорду аралаган геологдор. 1970-жыл

7 / 12

Памир тоолоруна чыгууну көксөгөн австралиялык спортчулар. Ош облусу, 1983-жыл

8 / 12

Ала-Тоону аралаган канадалык спортчулар. 1988-жыл

9 / 12

Кыргызстан тоолоруна чыккан италиялык альпинисттер. Ош облусу, 1981-жыл

10 / 12

Эңилчек мөңгүсүндөгү лагер. Ысык-Көл облусу, 1971-жыл

11 / 12

Эс алып отурган чет элдик жана кыргыз альпинисттери. Ленин чокусу, 1974-жыл

12 / 12

СССРдин олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү. Чоң Ала-Арча мөңгүсү

Тема боюнча:
Кыргызстандын жапайы жаныбарлары франциялык фотографтын көзү менен. Сүрөттөр
Өз киндигин өзү кескен Касымалы Баялинов. Сүрөттө калган ирмемдери
Ата мекендик жарандык авиацияга 89 жыл толду. Кызыктуу архивдик сүрөттөр
Арактан ара жолдо калып... Океевдин "Улан" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер