Жумасына бир саат көл-шал тердеп машыгуу өмүрдү узартары айтылды

Адистер орто жана улгайган курактагы 70 миңдей ыктыярчынын маалыматын изилдеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Окумуштуулар аптасына бир саат машыгып көнүгүү жасоо өлүм тобокелдигин 1,5 эсе кыскартарын аныктай алышкан. Бул тууралуу European Heart Journal жазды.
Адистер Улуу Британиянын орто жана улгайган курактагы 70 миң тургунунун маалыматын карап чыгышкан. Улам тыным алып жасалган эки мүнөттүк кыймыл онкологиялык жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан коргоого жөндөмдүү болуп чыккан. Эгер адам буга жумасына 50-57 мүнөт жумшаса, өлүм тобокелдиги 1,5 эсе кыскарары аныкталды. Бул көрсөткүчтү кыска машыгууларды улам күчөтүп сактап калса болот.
Иликтөөнүн жыйынтыгы жумасына 2,5 саат катуу машыгуу керек деген буга чейинки эрежени жокко чыгарат.
Окумуштуулар изилдөө жүргүзүп жаткан убакыт аралыгында 1 927 ыктыярчы көз жумганын, анын 602си жүрөк-кан тамыр дартынан, 1 150сү онкологиялык оорудан кеткенин айтышты. Кыска машыгууга канчалык көбүрөөк көңүл бурулса, онклогиялык жана жүрөк-кан тамыр оорулары себеп болгон өлүм жана аталган дартка кабылуу тобокелдиги ошончо аз болот.
Уйкудагы адамды өлүмгө кептеген негизги адат аталды