El Mostrador басылмасы бул күлкүлүү окуянын Чилиде болгонун, репортёр түз эфирге чыгып, өлкөдө кылмыштуулук көбөйүп жатканы туурасында айтып жаткан учурда болгонун жазды. Колуна микрофон кармаган журналист камераны карап сүйлөп жатканда тоту куш ийинине келип конуп, бир нече секундадан кийин кулагына тагылган наушникти тумшугу менен чыгарып, андан соң тиштеген бойдон учуп кеткен.
Кабарчы эфирди токтотуп, куш учуп кеткен тарапты карап, алаканын жайып кала берген. Бирок канаттуунун "каракчылыгынын" зыяны материалдык чыгымга алып келген эмес, себеби кулакчынды чөптөн таап алышкан.