Кеңседе жылуу бут кийим кийбеңиз! Дарыгер кесепетин айтты

Кышкы жана күзгү бут кийимдер суукта жүрүүгө ылайыкташкан. Ошондуктан аны суукка, эшикке чыкканда гана кийиш керек.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Эгер кеңседе, жылуу имараттын ичинде иштесеңиз, бир күн бою кышкы бут кийим менен жүрүү зыян. Бул тууралуу жалпы практика дарыгери Елена Горина айтып, алмаштырып турганга башка да бут кийим салып алууну сунуштаганын "Известия" басылмасы жазды.
Дарыгер белгилегендей, кышкы жана күзгү бут кийимдер суукта жүрүүгө ылайыкташкан. Ошондуктан аны суукка, эшикке чыкканда кийиш керек. Аны бир күн кечке имараттын ичинде кийип жүрүү ыңгайсыз, ден соолукка да зыян.
"Жылуу бут кийим менен имараттын ичинде бут тердеп кетет. Бул ар кандай патогендик микроорганизмдердин өрчүүсүнө шарт түзүп, грибок ооруларынын пайда болушун шарттайт", — деген Горина.
Анын айтымында, имараттын ичинде жылуу бут кийим менен жүргөн учурда бут тердеп, суукта сыртка чыкканда кайра муздап, жыйынтыгында адам тумоолоп калышы ыктымал.
Дарыгер суукта имараттын ичине "дем ала тургандай", тердебегендей бут кийимге басым жасоо маанилүү экендигин эскерткен.
Радио
Ахмедов: вирустук инфекциялар дагы тери ооруларын пайда кылат