Бишкекте өтүп жаткан "Петербург жолугушуусунан" 19 сүрөт

Ордо калаада "Кыргызстандагы Петербург жолугушуусунун" алкагында бир катар иш-чара өтүп жатат. Долбоор Санкт-Петербургдун тышкы байланыштар боюнча комитетинин колдоосу менен уюштурулууда.
Sputnik
1 / 19

Бишкекке Санкт-Петербургдун "Морошка" ыр жана бий театры келип, концерт берди

2 / 19

Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болду

3 / 19

Артисттер "Петербургдун керемети" программасын тартуулашты

4 / 19

Шоу-программа орус элинин музыкалык инструменттери менен коштолду

5 / 19

"Морошка" театрын продюсер Надежда Полтавченко 2009-жылы негиздеген

6 / 19

Театр бир нече эл аралык фестивалдардын лауреаты

7 / 19

Талантын кыргызстандыктарга тартуулап жаткан театрдын артисти

8 / 19

Концертке шаң берген оркестрдин музыканттары

9 / 19

"Морошка" театрынын артисттеринин негизги максаты орус музыкасын өнүктүрүп, аны жайылтуу

10 / 19

Филармонияда балалайка-контрабас музыкалык аспабы да жаңырды

11 / 19

"Петербург жолугушуусунун" алкагында билим жаатындагы иш-чаралар да болду. Бишкектеги № 17 мектеп-гимназиясы менен Санкт-Петербургдун № 2 гимназиясы "жол картасына" кол коюшту

12 / 19

Бишкектеги мектепте Санкт-Петербургдун тарыхы боюнча олимпиада өткөрүү пландалууда

13 / 19

Анын жеңүүчүлөрү Санкт-Петербург шаарына барышат

14 / 19

Улуттук тарых музейинде өзүнчө фотокөргөзмө да өттү

15 / 19

Анда Ленинград блокадасына арналган сүрөттөр коюлган

16 / 19

Ленинграддагы фронтто салгылашкан кыргызстандыктар. Алардын эрдигине арналган өзүнчө бурч да уюштурулган

17 / 19

Россиянын делегациясы Ленинград блокадачыларынын эстелигине гүл койду

18 / 19

Гүлчамбар коюу иш-чарасына Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасы Марат Кутанов, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев катышты

19 / 19

"Кыргызстандагы Петербург жолугушуусу" 9-ноябрда аяктайт

Тема боюнча:
Санкт-Петербург бийлиги Бишкектин өнүгүшүнө жардам берүүгө даяр
Петербургдуктар Кыргызстандын блокадычаларга берген жардамын эскеришти
Эмгек министри Россотрудничествонун жетекчилиги менен жолукту. Көтөрүлгөн маселелер