Дарыгер кандай оорусу барлар баклажан жебеши керектигин айтты

Баклажан кутучасы менен кыз. Иллюстративдик сүрөт
Ичеги-карындын сезгенүү оорусунда баклажандын уруктары жабыркаган аймакка кирип, илдетти өрчүтүп жибериши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Диетолог Маргарита Королева "Москва 24" порталына берген маегинде аутоиммундук оорулары бар адамдар баклажанды колдонууну азайтышы керектигин айткан.
Адис мындай оорулардын арасына калкан бези, муун жана ичеги оорулары кирерин санап өткөн. Ошондой эле аллергиясы бар адам бул жашылчадан баш тартып койгону оң.
Баклажандын курамындагы заттар сезгенүү процесстерин күчөтүшү мүмкүн. Айрыкча ичегинин сезгенүү ооруларында баклажандын уруктары жабыркаган аймакка кирип, илдетти өрчүтүп жиберүү коркунучу бар.
Эндокринологиялык борбордун башкы дарыгеринин орун басары, эндокринолог Кайыргүл Жоошбаева
Эндокринолог: йод жетишпесе түйүлдүктүн мээсине, нерв системасына терс таасир берет