Пакистанда оппозиция маршына ок атылып, экс-премьер Имран Хан жарадар болду

Колоннаны жетектеп келе жаткан машинанын ичиндеги мурунку өкмөт башчы бутунан жаракат алган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Пакистанда экс-премьер Имран Хан башында турган оппозиция маршына ок атылып, натыйжада бир киши каза таап, жети адам түрдүү жаракат алган. Бул тууралуу өлкөнүн полициясына таянуу менен Dawn басылмасы жазды.
"Вазирабадда өтүп жаткан марш учурунда "Пакистан Техрик-и-Инсаф" партиясынын төрагасы Имран Хандын автоунаасына кол салуу болду. Жыйынтыгында жети киши жарадар болуп, бир адам көз жумду", — деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.
Укук коргоо органдары кол салган Муаззам Навазды кармады, ал өзү жалгыз экенин, Имран Ханды өлтүрүүгө аракет кылганын айтып берген.
Пакистанда оппозиция маршы аткылоого дуушар болгону 3-ноябрда маалымдалган. Экс-премьер Имран Хан "Пакистан Техрик-и-Инсаф" партиясынын тарапташтары чогулган колоннаны жетектеп келе жаткан автоунаанын ичинде болгону айтылды. Белгисиз адамдын огунан ал бутунан жаракат алып, партиянын дагы 5-7 жетекчиси жарадар болгон.
"Пакистан Техрик-и-Инсаф" оппозициялык партиясынын жаңы шайлоо дайындоо талабы менен уюштурулган маршы өткөн жумада башталган, нааразы тарап 11-ноябрда өлкөнүн борбору Исламабадга жетүүгө бел байлаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Германияда миңдеген адам бийликтин Украина боюнча саясатына каршы митингге чыкты