Чаалыкпаган скульптор. 87 жашка чыккан Тургунбай Садыковдун сүрөттөрү

Бүгүн — белгилүү скульптор Тургунбай Садыковдун туулган күнү. Таланттуу инсан 87 жашка толду. Sputnik Кыргызстан талыкпас академиктин өмүрү, чыгармачылыгындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Тургунбай Садыков Баткен районундагы Говсувар кыштагында 1935-жылы 4-ноябрда жарык дүйнөгө келген. Элеттеги мектепти бүткөн соң Фрунзеге келип Көркөм өнөр окуу жайында окуган. Скульптор Владислав Пузыревский менен таанышып, ага чопо, жыгачын ташып жардам берип жүрүп көп нерсени үйрөнө алган. Кийин Москвадагы Жогорку көркөм өнөр окуу жайында билимин тереңдетип, бул жакта калып иште деген сунушка карабай мекенине кайткан.
Биринчи кыргыз профессионал скульптору филармониянын алдындагы Манас баатырдын скульптуралык ансамблинин, бир нече жыл "Ала-Тоо" аянтында туруп, кийин алып салынган "Эркиндик" статуясынын, "Эл куту" монументалдык эстелигинин автору. Борбор калаанын чок ортосунда жайгашкан Уркуя Салиевага арналган "Революциянын каармандарына" деп аталган монументин 12 жылда бүтүргөн. Скульптордун эмгектери Россия, Япония, АКШ, Франция, Польша, Люксембург, Монголия жана Кытайдагы музейлер менен скульптуралар аянтчаларына коюлган.
Жаратман академик 1991-жылы Бишкек шаарында Улуттук көркөм өнөр академиясын ачкан. Анын алдында атайын мектеп, колледж, жогорку окуу жайы бар. Сүрөтчү Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССР эл сүрөтчүсү, СССР көркөм академиясынын академиги, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Кыргыз Республикасынын Баатыры азыр дагы жаштарга сабак берип келет.
1 / 16

Тургунбай Садыковдун апасы сайма сайып, бычмачы болсо, атасы жыгач уста эле

2 / 16

Фрунзе шаарында ачылып жаткан кезектеги эмгек. Турдакун Усубалиев, Александра Кибальникова, Түгөлбай Сыдыкбеков, Турганбай Садыков, Чыңгыз Айтматов. 1978-жыл.

3 / 16

Скульптор Кычан Жакыповдун айкелин жасоодо. 1960-жылдар.

4 / 16

"Манас" скульптуралык комплексиндеги Сагынбай Орозбак уулунун эстелигин жасоо учуру. Фрунзе шаары, 1982-жыл.

5 / 16

Турганбай Садыков Москвадагы Жогорку көркөм өнөр окуу жайында билим алган

6 / 16

СССРдин эл сүрөтчүсү Турганбай Садыков жана СССРдин Ленин сыйлыгынын лауреаты Александр Кибальников

7 / 16

"Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата "Эл кутун" ачууга даярдык. Бишкек шаары, 1995-жыл.

8 / 16

Сүрөткер борбор калаадагы бир топ скульптуралык эмгектердин автору

9 / 16

Устаканасында "Эркиндик" айкелинин макетин даярдап жаткан учур

10 / 16

Тургунбай Садыков кесиптеши Ольга Мануйлова жана композитор Таштан Эрматов менен "Искусство жөнүндө баян" тасмасын тартуу учуру. Фрунзе шаары, 1974-жыл.

11 / 16

Турганбай Садыков атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр академиясынын ачылышы. Сыйлуу коноктордун катарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, мамлекеттик ишмер Ишенбай Абдразаков да бар.

12 / 16

Улуттук көркөм өнөр академиясында улуу устат скульптура кафедрасынын студенттеринен экзамен алууда, 2000-жыл

13 / 16

Садыков кесиптештери: Жылдыз Молдохматов, Алексей Каменский жана Ормон Идирисов менен, 2013-жыл

14 / 16

СССРдин эл сүрөтчүсү таш, темир материалдар менен мыкты иштей билет

15 / 16

Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССР эл сүрөтчүсү, СССР Көркөм академиясынын академиги, Эмгек Кызыл Туу, Ленин ордендеринин ээси, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты

16 / 16

87 жаштагы залкар талант азыр да жогорку окуу жайда иштеп, жаштарга акыл-насаатын айтып келет

Тема боюнча:
Филармониядагы өмүр, берилбей калган сыйлык. Акын Токтосун Тыныбековдун элеси
Мамлекеттик дачада киши колдуу болгон. Султан Ибраимовдун сүрөттөгү ирмемдери