Диетолог өмүрдү узартууга жардам берчү азыкты атады

Сарымсакты чийки жеш керек. Кайнатып, бышырганда анын пайдалуу касиети жоголуп кетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Сарымсакты дайыма жеп туруш керек. Себеби ал ден соолукту бекемдеп, өмүрдү 10 жылга чейин узартууга жардам берет. Бул тууралуу диетолог Анжелика Дювалдын айтымына таянып "Известия" басылмасы жазды.
"Биздин өмүрдү оору кыскартат. Алар көбүнчө вирус, бактериядан пайда болот. Организмде канчалык көбөйгөн сайын, ички органдар жакшы иштей албай кыйналат", — деген дарыгер.
Диетологдун айтымында, сарымсак ичеги-карында патогендик микрофлораны өлтүрүп, тамак сиңирүүнү жакшыртат.
"Эгер ичеги-карын жакшы иштеп, оорубаса, адамдын өмүрү да узак болот. Бул азыктын курамында диабеттен коргоп, зат алмашууну жөнгө сала турчу хром көп", — деген ал.
Медиктин айтымында, сарымсакты чийки боюнча жеш керек. Аны кайнатып, бышырганда пайдалуу касиети жоголуп кетет.
Ден соолукка зыянын тийгизген диеталар кайсылар. Дарыгер санап берди