Sputnik Кыргызстан агенттигинде Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Сокеев болду. Биз өлкөдө суу маселеси кандай чечилип жатканы жана жасалуучу иштер тууралуу сөз кылдык.
— Былтыр сугат, суу тартыштыгы курч болуп, өкмөт бул көйгөйдү чечүү үчүн бир миллиард сом бөлө турганы маалымдалган. Аталган каражат кандай иштетилди, көйгөйдү кантип чечип жатасыздар?
— Былтыркы жыл кургакчыл жана суу да тартыш болуп, нымдуулуктун жетишсиздиги да байкалган. Ошол себептен былтыртан баштап ирригациялык объектилер даярдала баштады. Ага 100 миллион сом бөлүнүп берилген. Жылына 160-200 миллион сом гана бөлүнсө, эми бир миллиард сомго көтөрүлдү. Сугат объектилери көп жылдан бери жакшы каралбай калган. Быйыл сугат суу боюнча маселеде көп көйгөй болгон жок. Баары чечилбегени менен бизге караштуу каналдар толугу менен оңдолуп, суу дыйкандарга жеткиликтүү берилди. Учурда жогорудагы акчанын 731 миллион сому бөлүнүп, курулуш, тазалоо, оңдоо иштери жүрүүдө. Жылдын аягына чейин үч айдын ичинде калган 270 миллион сом келерки жылга даярдык иштерине жумшалат. Министрлер кабинети ирригация иштерине, сугатка жылына бир миллиард сом бөлүп турууну пландоодо. Быйыл 276 чакырым каналдын 70 пайызы тазаланып, оңдолду. Эми 1-январга чейин калган иштер бүткөрүлөт. Учурда жумуштун 80-90 пайызы аягына чыкты. Бир жылда 60 агрегат алмаштыруу боюнча чечим кабыл алынган, 44ү жаңыртылды. Калганы кийинки жылы күздө жаңыланса насос станцияларында да кыйынчылык болбойт. Биздеги эң чоң көйгөй — насостон чыккан сууну түтүк менен жеткирип берүүдө. Жалпы 151 чакырым түтүктүн 100 чакырымын быйыл жаңылап, калгандары убагы менен бүткөрүлө берет. Балансыбыздагы 5 800 чакырым суу каналын тазалап, ордуна келтирип жатабыз. Бирок айыл өкмөттүн балансындагы ички чарба суу каналдарын оңдоп-түздөө иштери жасала элек. Ушул жагы азыр каралууда. Ошентип 2029-жылга чейин өлкөдөгү бардык суу түтүктөрүн алмаштырып чыгууну көздөп турабыз.
Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Сокеев
© Sputnik / Асель Акмат
— Суу сактагычтар да тазалануудан өттүбү?
— Өлкөдө 11 чоң суу сактагыч бар. Жылына оңдоо иштеринен соң пайдаланууга берилет. Былтыр суу тартыш болгондо текшерсек, 7-8 миллион куб таштанды толуп калганы аныкталды. Муну тазалоо үчүн экскаваторлор жарабайт. Сугатка суу кеткенден кийин анын ордун дароо толтуруу керек. Ошол себептен "земснаряд амфибия" техникасынын 8 даанасын алып келүү пландалууда. Ушул уникалдуу техника менен суу сактагычтар тазаланат.
— Ирригация жаатында тазалап-оңдоо, жаңыртуу иштерине жылына 5 миллиард сом керектелери айтылган. Бир миллиард сом менен объектилердин канча пайызын тазалап чыгууга болот?
— Оңдоп-тазалоо иштерине башка компанияларды жалдап жасатса бир жылда 5-6 миллиард сом кетет. Суу чарба башкармалыгы өзүбүздүн техникалар менен жасоо ыкмасына өттүк. Ал 30-40 пайызга арзан түшөт. Бул ыкмага өтүү да оңой болгон жок. Быйыл бир миллиард сомго техника алганы турабыз. Жылына ушунча каражат бөлүнүп турса 2026-жылдын аягына чейин бетон каналдарын толугу менен бүтүрүп салууга болот.
— Өлкөдө суу жетпеген аймактар көп. Аларга канал куруу маселеси да көтөрүлүп жатат...
— Суу чарбасында ирригациялык фонд үч тармак боюнча иш алып барууда. Суу сактагычтардан болгону 250 миң гектарга гана суу берилет. Калган 700 миң гектар мөңгүлөрдөн түшкөн суулардан, башкача айтканда, аба ырайынан көз каранды. Ошол себептен суу сактагычтарды, декадалык жөнгө салуу бассейндерин (БДР) жана суткалык жөнгө салуу бассейндерин (БСР) курушубуз керек. Ар бир облуста БДР куруу пландаштырылган (республика боюнча дагы 17 БДР салынышы керек — Сокеев). Буга болжол менен 500 миллион куб суу сакталат. Андан тышкары, дагы 34 майда БДР, суу сактагычтар бар. Ошонун баарына 1 миллиард 700 миң куб суу толтурсак 250 миң гектарды аккан суу менен камсыздайт экенбиз.
Экинчиден, биздин суу каналдардын фильтрациясында жоготуулар көп. Жердин нугуна жараша каналдарды оңдоп, фильтрлешибиз керек. Дыйкандар азыр тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонгонго аракет кылып жатышат. Ушул жаатта иш алып барсак суу толугу менен жетиштүү болмок.
Үчүнчү багыт күзгү, кышкы ным топтоо жаатында. Азыр жазгы ным да топтолуп жатат. Быйыл биринчи жолу январь айында 800 гектар жер сугарылды. Дыйкандарды ушуга үйрөтүп жатабыз.
Төртүнчү багыт — санариптештирүү. Каржыга жараша суу каналдарга толук датчик коюуга аракет жасалууда. Бул беш-алты жылда өз натыйжасын берет.
Алгач дарыядан канча суу алынып, дыйканга канчасы жеткирилерин эсепке алуу керек. Экинчиден, айдоо аянттарынын нымдуулугун билүү зарыл. Анткени суу башына жакын дыйкандар сугарып, этектегилерге жетпей калып жатат. Пилоттук долбоорлор ошол дыйкандардын баарын тегиз суу менен камсыз кылуу үчүн башталган. Мурда мамлекет дыйканга суу жеткирүү мүмкүнчүлүгүн гана карап, бөлүштүрүү маселеси суу пайдалануучулар ассоциациясынын (СПА) колунда эле. Азыр СПАларды мамлекеттин карамагына алууга аракеттенип жатабыз. Ошону менен бирге мамлекеттен лизинг, насыя алып, дыйкандар тамчылатып, жамгырлатып сугаруу технологияларын өздөрү эле койдуруп баштады.
— Суу чарба кызматынын ишинде жалпы реформалар болуп жаткан өңдүү?
— Азыр каржылоо жагы четинен чечилип, техника алуу мүмкүнчүлүгү жаралып, кызматкерлердин айлыгы да 1-октябрдан баштап көбөйдү. Мураптарды да чарбалык ишке өткөрүп, айлыгын көтөрүү каралат. Буга чейин тармак жакшы каралбай калган. Атайын эсепти көбөйтүп ички чарбага багыттасак, бул жерде 4-5 эсе көп акча чогулуп, каражат ички чарба каналдарын оңдоого жумшалат. Суу пайдалануучулар ассоциацияларын реформалоого да баратабыз. Мисалы, Чоң Чүй каналынын башкы суу алынуучу чыгыш каналына чейинки узундугу 22 чакырымды түзөт. Ушул аралыкта суунун 30 пайызын (30 куб) жоготуп жатабыз. Бул 30 куб алыскы Панфилов районуна жетпей калган сууну толуктамак. Бул үчүн Чүй дарыясынан сууну каналга буруп, оңдоо иштери жүрөт. Буга каржы булагы чечилди, макулдашуу бүтсө эмдиги жылы курулуш иштерин баштоону пландаштырып жатабыз.
— Быйыл Жер-суу кодексин реформалоо боюнча министрлер кабинети тарабынан тапшырма берилди. Алардын түзүлгөнүнө 20 жылдан ашып кеткен экен. Сууну товар катары кароочу мезгил жеткени да айтылды...
— Азыр аталган кодекстерге заман талабына жараша бир топ өзгөртүүлөр кирди. Суу учурда бизнеске да пайдаланылып калды. Башкача айтканда, өндүрүш ишканасына да суу беребиз. Жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды туура пайдалануу, ирригация гана эмес көп тармакка сууну жеткирүү, анын сапаты жаатында сунуштар келип жатат. СПАлар боюнча да сунуштарды бердик. Себеби иштеринде да мүчүлүштүктөр бар. Муну иретке келтирүү керек. Эл аралык нормада суу товар катары каралган эмес. Ал ресурс, ошондуктан аны туура жеткирүү жагын көзөмөлдөө керек. Ар бир аймакта ирригация боюнча ар кандай тариф болуп калган. Учурда суу советтик система менен эле ченелип жатат. Жоготуу көп. Биз толук санариптештирүүгө өтүүгө бел байладык. Мында суу бөлүштүрүүчүлөр өзү билемдик менен ачып-жаппай, диспетчерге билдирүү калтырып, ал аркылуу гана суу берилет. 2024-жылдары маалыматтык борбор ачылып калса, анда өлкөнүн кайсы аймагында канча суу берилип жатканынын баары көрүнүп турат. Азыр бизде ким канча эгин эгип, канча буудай алып жатканы тууралуу статистикалык жыйынтык гана айтылат. Эми 20 жылдагыдан берки маалыматтардын жардамы менен аналитика жасалып, берилген суу менен алынган түшүмдүн маалыматын берип турабыз.
— "Коңшу өлкөлөргө эле сууну бекер бере беребиз. Эмнеге өзүбүз толук пайдаланбайбыз?" деген суроо калк арасында көп кездешет. Ошол жагын түшүндүрүп берсеңиз?
— Суу сактагычтарды Энергетика министрлиги көзөмөлдөйт. Киров суу сактагычынын өзүнүн да куймалары бар. Аны биз да колдонобуз жана казак тараптын келишими менен аларга да жеткирип беребиз. Казакстан жылына 120 миллион теңге төлөйт. Ал суу каналдарын оңдоп-түзөө иштерине жумшалат. Кышкы, жазгы ным топтоо маалында быйыл бул жактан да сууну жакшы алдык. Эмдиги жылы 250 миллион теңгеге көтөрөбүз. Анткени чыгым ошол сумманы талап кылып жатат. Ал эми Орто-Токой суу сактагычын көбүнчө Чүй өрөөнү пайдаланат.
— Айыл чарба министрлиги дыйкандарга кооперацияга биригүүнү сунуштап, бир өсүмдүктү чогуу эксе сууну бир учурда берип, бирдей токтотуу мүмкүнчүлүгү болорун айтты. Сиздер да тоңдурма менен иштөөгө дыйкандарды чакырып жатасыздар. Жыйынтык болуп жатабы?
— Кластер менен иштөө саясаты жүрүүдө. Бул ирригацияга да таасирин берет. Анткени "айдоого мынча суу берилет" деп так билүүгө болот. Кооперативдер да "ушунча гектар жерге муну өстүрүп, мынча сомдон өткөрө алам" деп ишенимдүү болот. Сууну биз күн чыгыштан күн батышка чейин алып барабыз. Батыш тарапка күн карама эгип, май чыгаруучу ишкана курууну сунуштап жатабыз. Анткени күн карама сууну аз ичет. Ал эми Кемин, Чүй тарапка негизинен кызылча айдоо керек. Себеби суу жетиштүү. Мунун баары эксперименталдык, пландык айдап-себүүгө кирет. Картошка менен пиязды өндүрүп алып сыртка чыга албай, рынокту күтө беребиз. Анткени Казакстан, Россия бул азыктар менен толук камсыздалган. Ошондуктан дыйкандардын өндүргөн азыктарын кайра иштеп чыгуучу ишканаларды ачуу зарыл. Азыр логистикалык борбор куруу сунуштары да түшүп жатат.